Кыргызстан менен Өзбекстан Чечме булагын чогуу пайдаланат

Бул тууралуу эки өлкө президенттери — Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Ысык-Көлдө кыргыз-өзбек кызматташтыгын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда мындан ары кеңейтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшканда белгилүү болду.   Эске салсак, 2025-жылы май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ошол… Кененирээк…

Балыкчыда төрт тилкелүү айланма жолдун курулушу уланууда

Балыкчы шаарын айланып өтүүчү узундугу 6 чакырымдан ашык жаңы унаа жолунун курулушу активдүү жүрүп жатат.   Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, долбоор төрт тилкелүү жолду, үч айланма кесилишти, темир жол аркылуу өтүүчү көпүрөнү, 12 суу өткөрүүчү түтүктү, велосипед жолун жана унаа токтотуучу жайды камтыйт.  … Кененирээк…

Энергетика министрлигине жаңы эки орун басары дайындалды

Бекнур Маратбеков жана Мирлан Парханов энергетика министринин орун басары болуп дайындалышты. Ведомстводон маалымдашкандай, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бекнур Маратбеков Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинин Экономика факультетиин «Электр энергетика ишканаларында экономика жана башкаруу» адистигин аяктаган. Ал эми Мирлан Парханов 2006-2011-жылдары В.С.Черномырдин… Кененирээк…

Бишкек шаарынын топографиясы санариптик форматка өткөрүлөт

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, бул багытта программалык комплекс иштелип чыкты.   Анын алкагында топографиялык маалыматтарды иштеп чыгуу процесси жакшыртылып, геомаалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана шаар куруу тармагындагы маалыматтарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзүлөт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттер көбөйөт

Кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттер 15тен 30га чейин көбөйөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 30-июлда Кыргызстанда мамлекеттик сапары менен жүргөн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда билдирди.   Мамлекет башчы андан тышкары кыргыз-өзбек чек арасын толугу менен чече турган келишимдерге да кол коюларын билдирди.  … Кененирээк…

Ош жана Манас шаарларына авиабилет баасы кымбаттайт

1-августтан тартып “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы айрым ички каттамдар боюнча тарифтерге өзгөртүү киргизет. Ага ылайык, Бишкек – Ош – Бишкек багыты боюнча бир тарапка билет баасы 4 миң 100 сомдон 6 миң 500 сомго чейин, Бишкек – Манас – Бишкек — 4 миң 100 сомдон 5… Кененирээк…

Ош облустар аралык ооруканасына 11,5 млн долларлык жабдык берилет

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына 11,5 млн долларлык жабдык берилет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү Аманкан Кенжебаев билдирди.   Медициналык жабдууларды Япониянын JICA өнүктүрүү агенттиги гранттык негизде тапшырат.   Мындан тышкары ооруканада ангиограф жана компьютердик томограф аппараттары үчүн кошумча имарат куруу пландалууда.

Жыл башынан бери 10 миңден ашык кыргызстандык чет өлкөдө жумушка орношту

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, бул ишти жеке ишке орноштуруу агенттиктери 27 өлкөдө жүргүздү.   Жарандар эң көп Түркия, Улуу Британия, Болгария жана Германияга жумушка жөнөтүлгөн.   Белгиленгендей, учурда бул багытта 140тан ашык лицензияланган жеке ишке орноштуруу агенттиги иш алып барууда.

Бишкектиктерге концерттер тартууланат

Бишкекте 31-июль жана 1-август күндөрү саат 19:00дө Ала-Тоо аянтындагы фонтан аймагында ачык асман алдындагы музыкалык кечелер өтөт. Мэриядан билдиришкендей, кечеде кыргыз эстрада ырчылары жана чыгармачыл топтор өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Кеченин конокторун сүйүктүү музыкалык чыгармалар, майрамдык маанай жана концерттик программалар күтөт.

“Каракол” аэропортунан алгачкы эл аралык каттам аткарылат

Август айында “Каракол” аэропортунан алгачкы техникалык эл аралык каттам аткарылары пландалууда. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидинов билдирди.   Анын айтымында, учурда даярдыктар 95% аткарылды.   Учуу-конуу тилкесин узартуу боюнча негизги иштер дээрлик аяктады.