Улуттук госпиталга жаңы башкы дарыгер дайындалды

Талантбек Арстанкулов Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Талантбек Арстанкулов саламаттык сактоо тармагында жана мамлекеттик башкаруу системасында 30 жылдан ашуун жетекчилик тажрыйбага ээ. Ал хирургия багыты боюнча билим алып, саламаттык сактоону башкаруу жана мамлекеттик-муниципалдык башкаруу боюнча магистр… Кененирээк…

Бишкектин эки районунда суу өчүрүлөт

Мэриянын маалыматына ылайык, 4-август эртең мененки саат 09:30дан тартып 5-август түнкү саат 02:00гө чейин ордо калаанын 3 жана 7-кичи райондорунда ичүүчү суу берүү токтотулат.   Чектөө суу түтүгүн алмаштыруу иштерине байланыштуу киргизилет.   Тургундар сууну алдын ала камдап алышы керек.

Нарын жана Казарманга арзан билеттер боюнча акция узартылды

Бишкек – Нарын – Бишкек багыты боюнча акциянын мөөнөтү 31-августка чейин узартылды.   “Кыргызстан аэропорттору» компаниясы билдиргендей, анын алкагында авиабилеттин бир тарапка  баасы 2 миң 100 сомдун ордуна 1 миң сомду түзөт.   Мындан тышкары, ушундай эле акциялык тариф Казарман – Бишкек багытында 26-сентябрга чейин… Кененирээк…

Кыргызстан менен Азербайжан бир катар эки тараптуу документтерге кол койду

Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев транспорттук-логистикалык, энергетикалык, инвестициялык, санариптик, финансылык, гуманитардык жана башка тармактарда кыргыз-азербайжан кызматташтыгы боюнча эки тараптуу документтерге кол койду.   31-июлда Чолпон-Ата шаарында жетишилген документтердин ичинде эки мамлекеттин ортосундагы энергетика жаатындагы кызматташтык боюнча 2026-2027-жылдарга карата жол картасы, кыргыз-азери Энергетика… Кененирээк…

“Халал” улуттук белгисин колдонуу тартиби бекитилди

Кыргызстанда “Халал” улуттук белгисин колдонуу тартиби бекитилди.   Эми өндүрүүчүлөр бул белгини өз продукциясына текшерүүдөн өтүп, атайын сертификат алгандан кийин гана жайгаштыра алышат.   Белги товарлар же кызмат көрсөтүүлөр белгиленген адал стандарттарга жооп берерин тастыктайт.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги жол кыймылы убактылуу чектелет

Бүгүн жана эртең Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги жол кыймылы убактылуу чектелет.   Буга Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу себеп болууда.   Иш-чарага байланыштуу «Тамчы» аэропортунан Чолпон-Атага чейинки жол маал-маалы менен жабылууда.   Жергиликтүү тургундар жана туристтерге убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылуу… Кененирээк…

Казакстанга кирүүнүн жаңы эрежелери Кыргызстандын жарандарына азырынча тиешелүү эмес

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, кыргызстандыктар үчүн визасыз режим сакталат.   Эске салсак, 25-августтан тарта Казакстан чет өлкөлүк жарандар үчүн онлайн уруксаттарын ишке киргизет. Бул документ акы төлөнүүчү болот, анын баасын өкмөт аныктайт. Азырынча система сыноо режиминде иштеп, уруксат алуу сунуштоо мүнөзүндө гана болот.

Аскер кызматкерлери эми өлкөнүн каалаган аймагынан турак жай ала алышат

Аскер кызматкерлери эми Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу өлкөнүн каалаган аймагынан турак жай ала алышат.   Президент Садыр Жапаров “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасы боюнча жарлыкка өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, эми аскер кызмат өтөгөн жери маанилүү болбойт. Башкысы коюлган талаптарга жооп берип, арыз тапшыруу керек.… Кененирээк…

Кыргызстанда эң жогорку айлык 98 миң 500 сомго жакындады

Кыргызстанда эң жогорку орточо айлык маяна каржы тармагында катталып, 98 миң 500 сомго жакындады.   Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, экинчи орунда 92 миң сомдон ашык айлык менен пайдалуу кендерди казып алуу тармагы турат. Алдыңкы катарда ошондой эле маалымат жана байланыш тармагы (дээрлик 85 миң… Кененирээк…

Бишкекте жеке менчик автоунааларды пайдаланууга чектөө киргизилбейт

Бул тууралуу мэрия билдирди.   Муниципалитет президенттин “Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын долбоору боюнча түшүндүрмө берип, анда адамдарга менчик машинени пайдаланууга чектөө киргизүү же тыюу салуу боюнча ченемдер жок экенин кабарлады.   29-июлда жарыяланган документте Бишкек башында 50 миң автоунаага гана… Кененирээк…