Баткен шаарындагы Кызыл-Жол аймагында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Баткен шаарындагы Кызыл-Жол аймагында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды.   Бүгүн анын пайдубалына мезгил кутучасы салынды. Мектеп заманбап талаптарга ылайык курулуп, окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.

“Сары-Челек” биосфералык коругунда жаңы көзөмөл-өткөрмө пунктунун курулушуна мезгил кутучасы салынды

“Сары-Челек” биосфералык коругунда жаңы көзөмөл-өткөрмө пунктунун курулушуна мезгил кутучасы салынды.   Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына караганда, жаңы объект кирип-чыгууну көзөмөлдөөнү жакшыртып, туристтер үчүн ыңгайлуу шарт түзөт. “Сары-Челек” Батыш Тянь-Шандын уникалдуу экосистемаларын сактоодо маанилүү роль ойнойт.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык акыркы баскычка өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык акыркы баскычка өттү.   Министрлер кабинетинин жыйынында иш-чаранын спорттук, маданий жана илимий программасы, ошондой эле жабылыш аземинин концепциясы каралды.   Катышуучуларды жайгаштыруу, логистика жана медициналык камсыздоо маселелерине да көңүл бурулду. Негизги объектилердин, анын ичинде Кырчын этношаарчасы, “Рух Ордо” жана ипподромдун… Кененирээк…

“Чакан ГЭС” ишканасынын станцияларында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн алты гидроагрегатта оңдоо иштери жүрүп жатат

“Чакан ГЭС” ишканасынын станцияларында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн алты гидроагрегатта оңдоо иштери жүрүп жатат.   Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, ГЭС-6, ГЭС-3 жана Быстровка ГЭСиндеги үч агрегатты оңдоо аяктады.   Андан тышкары, Аламүдүн ГЭС-1де эки эски өчүргүч заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылды. Бул иштер кышында станциялардын… Кененирээк…

Жакынкы күндөрү Бишкектин дагы үч көчөсүндө автобустар үчүн өзүнчө тилке ачылат

Жакынкы күндөрү Бишкектин дагы үч көчөсүндө автобустар үчүн өзүнчө тилке ачылат.   Алар Абдрахманов/Байтик баатыр, Чүй жана Курманжан датка/7-Апрель көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө уюштурулат.   Андан тышкары, Киев көчөсүндө да автобус тилкелери, веложолдор жана тротуарлар курулат. Бул максатта Азия өнүктүрүү банкы каражат бөлүп берет.

Кыргызстанда ажылыкка жаңы талапкерлерди каттоо 25-августтан тарта башталат

Кыргызстанда ажылыкка жаңы талапкерлерди каттоо 25-августтан тарта башталат.   Мусулмандардын дин башкармалыгынын маалыматына караганда, каттоо саат 9да ачылып, жарандар “Хаж” мамлекеттик системасы аркылуу электрондук идентификациядан өтүшү керек. Андан соң 180 миң сом өлчөмүндө баштапкы төлөмдү киргизүү зарыл.   Төлөм сом менен банк тиркемеси же электрондук… Кененирээк…

Бишкекте көмүр саткан 21 социалдык кампа уюштурулуп, учурда кезек жок

Бишкекте көмүр саткан 21 социалдык кампа уюштурулуп, учурда кезек жок.   “Кыргызкөмүрдүн” башкы директору Рустамбек Садыралиевдин айтымында, Кара-Кече кенинде көмүр казуу күнү-түнү жүрүп, ага 285 техника жана миңге жакын адам тартылган. Белгилеп кетсек, өткөн жылы көмүрдүн тоннасы 6 миң 600 сомдон сатылса, быйыл баасы 7… Кененирээк…

Кыргызстан электромобилдерди өз алдынча өндүрүүгө даярданып жатат

Кыргызстан электромобилдерди өз алдынча өндүрүүгө даярданып жатат.   Экономика министрлигинин маалыматына караганда, жаңы улуттук бренддин алдында жеңил, коммерциялык жана атайын багыттагы электромобилдер өндүрүлөт.   Завод жылына 10 миңге чейин автоунаа чыгарып, 100 жумуш ордун түзөт. Алгач ири түйүндөрдөн чогултуу башталып, кийин толук өндүрүшкө өтүү пландалууда.… Кененирээк…

Ошто 75 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу башталды

Ош шаарында 75 орунга ылайыкталган жаңы бала бакчанын пайдубалына мезгил кутусу салынды.   Муниципалитеттен билдиришкендей, эки кабаттуу имаратта заманбап ашкана, жыйындар залы, медициналык жана уктоочу бөлмөлөр, жылытуу системасы каралган. Ошондой эле балдар үчүн коопсуз оюн аянтчасы курулат.   Бул аймакта буга чейин чакан жана эскирген… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жарнамалык конструкциялар демонтаждалууда

Мэриядан билдиришкендей, мындан тышкары башаламан жайгаштырылган кабелдер менен зымдарды жыйноо жана иретке келтирүү иштери аткарылды.   Ошондой эле ишкердик субъекттери тарабынан өздөрүнө тиешелүү аймактардын айланасын тазалоо жана санитардык абалын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.