Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.   Маалыматка ылайык, бүгүн күндүн экинчи жарымында жана 4-августтан 6-августка чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар.   Жарандарга сак болуу сунушталат.

Өлкөнүн жалпы мамлекеттик карызы 10 млрд долларга жакындады

Ушул жылдын май айынын жыйынтыгына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 9 млрд 951 млн доллардан ашты. Анын ичинен 4 млрд 739 млн доллар ички, 5 млрд 212 млн доллар тышкы карыз.   Тышкы карыздын көп бөлүгү — 1 млрд 414 млн доллардан ашыгы Кытайдын Экспорттук-импорттук… Кененирээк…

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолун реконструкциялоо уланууда

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолун реконструкциялоо иштери уланууда.   Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, долбоордун жалпы узундугу 141 чакырымды түзөт.   Реконструкция аяктагандан кийин II категориядагы төрт тилкелүү, ортосу барьердик тосмо менен бөлүнгөн заманбап унаа жол пайдаланууга берилет.

VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү үчүн 700 ыктыярчы тартылат

Оюндун Эл аралык катчылыгынан билдиришкендей, ыктыярчыларды тандоо быйыл мартта башталып, башка өлкөлөрдөн да тандалып алынган. Алар спорттук, маданий жана илимий иш-чараларды уюштурууга көмөктөшөт.   Ошондой эле Көчмөндөр оюнунун ачылышын уюштурууга, келген конокторду, катышуучуларды — аэропорттордон, автобекеттерден жана чек арадан тосуп алууга жардамдашат.   Дүйнөлүк Көчмөндөр… Кененирээк…

Кыргызстан Кытай, Түркия жана Беларустан күйүүчү май ташып келди

Кыргызстан Кытай, Түркия жана Беларустан күйүүчү май ташып келди жана ушул тапта өлкөдө бензиндин эки айга жете турган кору бар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.   Ал мындан тышкары Россиядан күйүүчү май жеткирүү кайра жанданарын жана сапатынан, көлөмүнөн маселе… Кененирээк…