Оштун Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен камсыз болду

Ош шаарындагы Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдарында таза суу системасы ишке киргизилди.   Муниципалитеттин маалыматына ылайык, муну менен 900 кожолук ичүүчү суу менен камсыз болду.   Буга чейин аталган аймактарда борборлоштурулган таза суу тармагы болгон эмес. Учурда дагы 100 үйдү суу түйүнүнө кошуу иштери уланууда.

Орто-Токой ГЭСинде маанилүү энергетикалык объекттердин курулушу аяктады

«Чакан ГЭС» ишканасынан билдиришкендей, алар — 110 киловольт ачык бөлүштүрүүчү түзмөк менен 110 киловольт аба электр чубалгысы.   Объектте кубаттуулугу 25 миң киловольт-ампер болгон күч трансформатору да орнотулду. Бул өндүрүлгөн электр энергиясын өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык тутумуна ишенимдүү өткөрүп берүүгө шарт түзөт.   Учурда долбоордун кийинки… Кененирээк…

Кыргызстан 6 айда 20 миң тоннага жакын сүт продукциясын экспорттоду

Кыргызстан ушул жылдын алгачкы алты айында ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана башка мамлекеттерге дээрлик 20 миң тонна сүт продукциясын экспорттоду.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, продукциялардын арасында 2 миң тоннадан ашык балмуздак, 670 тонна сыр, 100 тонна сары май, ошондой… Кененирээк…

Борбор калаанын айрым жерлеринде үч күн газ болбойт

«Бишкекгаз» кызматынан билдиришкендей, 5-7-август күндөрү Лермонтов көчөсү, Темир жолу, Ленин көчөсү, Калинин, Жибек жолу проспекти, ЧЧК, Энергетиктер шаарчасы, Аламедин-1 кичи району, Куруучулар шаарчасы, Учкун кичи району, Учкун калктуу конушу, Бишкек Сүт ишканасында газ өчүрүлөт.   Мунун себеби оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

Сүлүктүдө муктаждыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылды

Сүлүктү шаарында өзгөчө муктаждыгы бар балдарды колдоого багытталган реабилитациялык борбор ачылды.   Муниципалитеттин маалыматына ылайык, борбордо логопед-дефектологдун кызматы, ABA-терапия, логомассаж, сенсордук интеграция, дарылоочу дене тарбиясы жана мектепке даярдоо боюнча кызматтар көрсөтүлөт.   Борбор 2 жаштан жогорку балдарды кабыл алат.

Дүйнөдөгү эң сылык өлкөлөрдүн рейтинги жарыяланды

Америкалык компания жүргүзгөн сурамжылоого 4 миңден ашуун адам катышкан.   Тизмеде биринчи орунду Жапония ээледи. Бул өлкө илгертеден эле бири-бирин урматтоо жана коомдогу ынтымак маданияты менен белгилүү.   Экинчи орунга Канада чыкты. Бул өлкөдө сылыктык жана башкаларга көңүл буруу күнүмдүк жашоонун маанилүү бөлүгү болуп эсептелет.… Кененирээк…

Өлкө боюнча ӨКМдин 17 жаңы бөлүмү курулууда

Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар кызматынын инфраструктурасын жаңылоо максатында министрликтин 17 жаңы бөлүмүнүн имараты курулууда.   Учурда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы №39 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн имаратынын курулушу аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат. Анда куткаруучулар үчүн окуу, эс алуу, машыгуу бөлмөлөрү жана атайын окуу мунарасы каралган.  … Кененирээк…

«Бала ырысы» жөлөк пулу 191 миң 796 балага дайындалды

Июль айынын жыйынтыгы боюнча ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөк пулу 191 миң 796 балага дайындалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө жөлөк пул төлөөгө 235 млн сом багытталды. Эми коммерциялык банктар алуучулардын эсептерине каражаттарды которуп баштайт.… Кененирээк…

Баетов – Макмал жолунда каттам калыбына келтирилди

Нарын облусундагы Баетов – Макмал унаа жолунун 36-чакырымында жүргөн селдин кесепеттери жоюлуп, жол толугу менен тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, 5-августка караган түнү катуу жааган жамгырдан улам тоо капталынан түшкөн шагыл жолду жаап, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жараткан.   Учурда… Кененирээк…

Аламүдүн дарыясынын жээгин бекемдөө иштери уланууда

Бишкек шаарындагы Аламүдүн дарыясынын жээгин бекемдөө иштери уланууда.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жеринде министрликтин жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле 2 экскаватор жана 1 жүк ташуучу унаа тартылган.   Эске салсак, 2-августта нөшөрлүү жаандан кийин Аламүдүн дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Дордой-2 конушундагы аймактарга… Кененирээк…