«Таш-Рабат» тарыхый комплексинде убактылуу чектөөлөр киргизилди

«Таш-Рабат» тарыхый-архитектуралык комплексинде оңдоо-реставрациялоо иштери жүрүп жатат,   Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, буга байланыштуу туристтер үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилди.   Реставрация иштери атайын технологиялар жана адистердин катышуусу менен этап-этабы менен жүргүзүлүп, 2027-жылга чейин уланат.

Жарым жылда жеңилдетилген насыяларга 7 млрд 600 млн сом бөлүндү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан 5 миң 690 насыя берилди.   Эң көп каражат «Айыл чарбасын каржылоо – 14» программасына багытталды.   Ошондой эле агроөнөр жай комплекси, асыл тукум мал чарбачылыгы, кайра иштетүү тармагы жана чакан жана… Кененирээк…

Россиядан 100 миң тонна күйүүчү май алынып келет

Ушул айдын аягына чейин Россиядан 100 миң тонна күйүүчү май алынып келет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.   Ал Кыргызстанда айрым май куюучу жайларда АИ-92, АИ-95 жана дизел тартыш болуп жатканын ырастады.   Амангелдиев өлкөдө тартыштыкты болтурбоо үчүн Азербайжан,… Кененирээк…

Баткенде сел коркунучун азайтуу үчүн көпүрөлөр жаңыланат

Баткен шаарындагы Курук сайда жайгашкан көпүрөлөр кеңейтилип, оңдолот.   ӨКМдин облустук башкармалыгынан билдиришкендей, көпүрөлөр заманбап инженердик талаптарга ылайык реконструкцияланып, сел учурунда суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогорулатылат. Бул өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин азайтып, шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоого шарт түзөт деп күтүлүүдө.   Быйылкы нөшөрлүү жаандан кийин келген сел… Кененирээк…

Барскоон – Бедел унаа жолу 2030-жылы пайдаланууга берилет

Узундугу 160 чакырымдан ашкан Барскоон – Бедел унаа жолу эки тилкелүү болуп курулат. Аталган жолду куруп жаткан Кытайлык компаниянын маалыматына караганда, каттам негизинен деңиз деңгээлинен 3 миң метрден ашык бийиктиктеги татаал тоолуу аймактар аркылуу өтөт.   Долбоордо 50дөн ашык көпүрө, анын ичинде үч ири мост,… Кененирээк…

Алайда 50 үй сел коркунучунан корголот

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, учурда Сопу-Коргон айылында Терек дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө.   Мындан тышкары, үч объектте оңдоо жана калыбына келтирүү жумуштары жүрүп, 430 метрден ашык коргоочу тосмолор жаңыланат. Натыйжада 330 кожолук жана 230 гектар айыл чарба жерин сел жана суу ташкынынан алдын алууга… Кененирээк…

Аксы районунда 375 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 375 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады.   Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, эки кабаттуу заманбап мектеп республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 178 млн сомду түздү.   Объектти ушул окуу жылында пайдаланууга берүү пландалууда. Жаңы имарат эки мөөнөттө 750дөн ашык окуучунун билим алуусуна… Кененирээк…

Бишкекте 100гө жакын автоунаа жолу оңдолуп жатат

Бишкекте 99 автоунаа жолу жана 21 тротуар оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу мэрия билдирди.   Муниципалитеттин маалыматына ылайык, анын ичинен 43 автоунаа жолу, 13 тротуар боюнча иштер аяктады.   Мэрия бул иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, борбор калаанын тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө… Кененирээк…

Бишкектин айрым жерлеринде ысык суу болбойт

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде ысык суу болбойт.   Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү Фрунзе көчөсүндөгү капиталдык курулуштун алкагында жылуулук тармактарын кайра улоо жумуштарына байланыштуу өчүрүлдү.   Аталган аймакта кечки саат сегиз жарымга чейин суу берүү токтотулду.

Чүйдө тоок этин өндүрө турган комплекс курулууда

Чүйдө жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрө турган комплекс курулууда.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, комплекстин курамына инкубатор, саатына 30 тонна кубаттуулуктагы комбикорм заводу жана даяр продукцияны сактоочу муздаткыч кампа кирет.   Бул долбоор өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун… Кененирээк…