Кыргызстан Жеңиш чокусу боюнча жаңы талап сунуштады

Өкмөт өлкөдөгү бийик чокуларга чыккан альпинисттерден акы алууну көздөп жатат. Тиешелүү токтом долбоорунда аларды камсыздандырууга милдеттендирүү жана бир катар талаптар бар.   Алсак, дүйнөдөгү 7 миңдик бийиктиктеги чокулардын ичинен жер шарынын эң түндүктө жайгашканы, катаал шарты жана аба ырайынын улам өзгөрүп турганы менен өзгөчөлөнгөн Жеңиш… Кененирээк…

ӨКМ сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертти.   Маалыматка ылайык, 8-августан 11-августка чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, суу ташкыны болушу мүмкүн.   Жарандарга сак болуу сунушталат.

Ысык-Көлдө Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүп жатат

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.   Ага катышуу үчүн Кыргызстанга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Александр Турчин, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын жетекчиси Бакытжан Сагинтаев келди.  … Кененирээк…

Талас облусунун кире беришинде туристтер үчүн жаңы эс алуу жайы курулууда

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдиргендей, облуска кире бериштеги арка да реконструкцияланып, Манастын айкели жаңыланып, айланасы жашылдандырылууда.   Ошондой эле заманбап жарыктандыруу орнотулуп, эс алуучу отургучтар коюлууда.   Долбоордун алкагында Талды-Булак айылынан Өтмөк ашуусундагы облус чек арасына чейинки 36 чакырым жолго электр чубалгылары тартылып, жалпысынан 750 жарыктандыруу… Кененирээк…