Ошто 13,5 млн еврого перинаталдык борбор курулууда

Ош шаарында жаңы Перинаталдык борбордун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Долбоор Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Учурда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын аймагындагы курулуш иштеринин даярдыгы 10 пайызды… Кененирээк…

Кочкордо тогуз кичи футбол аянтчасы курулуп жатат

Кочкор районунда тогуз кичи футбол аянтчасы курулууда. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын облусу боюнча жалпысынан 48 кичи футбол аянтчасын куруу пландалган. Долбоор жаштар үчүн спорт менен машыгууга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана аймактардагы спорттук инфраструктураны жакшыртууга багытталган.

Бишкектеги 10-кичи райондун бир бөлүгүндө суу өчөт

12-августта Бишкектеги 10-кичи райондун бир бөлүгүндө суу өчөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичи райондогу откананын суу түтүгүндө оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу жок болот. Бишкек мэриясы жашоочуларды жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.