Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш эскертүү таратты
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш эскертүү таратты. Бүгүн жана эртең тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн. Жарандарга коопсуздук чараларын сактап, дарыялардын жээктерине, сел жүрүү коркунучу бар тилкелерге жана башка кооптуу жерлерге эс алууга барбоо сунушталды.









