Караколдо эл аралык деңгээлдеги спорт шаарчасынын курулушу уланууда

Караколдо эл аралык деңгээлдеги спорт шаарчасынын курулушу уланууда. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, объект Кашка-Суу кичи районунда жайгашкан.   Долбоорго 275 орундуу спорттук интернат, 5 миң көрүүчүгө ылайыкталган спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана кирет.

Талас облусунда Өтмөк ашуусу аркылуу өткөн жолдун жээгине 750 чырак орнотулат

Талас облусунда Өтмөк ашуусу аркылуу өткөн жолдун жээгине 750 чырак орнотулат.   Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдиргендей, бул үчүн Талды-Булак айылынан облустун кире беришиндеги аркага чейин 36 чакырым электр линиясы тартылат.   Жаңы жарыктандыруу жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатып, кырсыктардын коркунучун азайтууга… Кененирээк…

Кыргызстанда эң жогорку орточо айлык дээрлик 98 миң 500 сомду түзөт

Кыргызстанда эң жогорку орточо айлык дээрлик 98 миң 500 сомду түзөт.   Бул көрсөткүч каржы тармагында катталганын Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Экинчи орунда пайдалуу кендерди казып алуу тармагы — 92 миң сомдон ашык.   Алдыңкы сапта ошондой эле маалымат жана байланыш тармагы — дээрлик 85… Кененирээк…

Ош шаарында эски базардын ордуна заманбап этноборбор курулат

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын боюндагы эски базардын ордуна заманбап этноборбор курулат. Шаар мэриясы бул аймакта кайрадан соода түйүндөрү ачылат деген социалдык тармактардагы маалыматты четке какты.   Учурда бул жерде долбоорду потенциалдуу инвесторлорго тааныштыруу үчүн кеңсе курулууда. Андан кийин аймак тазаланып, эски курулуштар демонтаждалат.   Дарыянын… Кененирээк…

ЖОЖдорго дээрлик 33 миң абитуриент кабыл алынды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына дээрлик 33 миң абитуриент кабыл алынды.   “Абитуриент онлайн” системасынын маалыматына ылайык, кабыл алуунун төрт турунун жыйынтыгында алардын 26 миңге жакыны контракттык негизде окууну тандаган. Ал эми 7 миңге жакын абитуриент бюджеттик орундарга өттү.   Эң көп тандалган багыттар — педагогика,… Кененирээк…

Улуттук банк шектүү акча которууларды дароо бөгөттөшү мүмкүн

Бул тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Документте жарандарды киберкылмышкерлерден коргоо жөнгө салуучу органдын негизги милдеттеринин бири катары белгиленет.   Улуттук банк бардык банктар жана төлөм уюмдары үчүн коопсуздук боюнча катуу талаптарды киргизүүгө, ошондой эле алдамчылык белгилери бар операцияларды убактылуу токтотуунун тартибин жөнгө салууга… Кененирээк…

«Каракол» эл аралык аэропорту чоң жүргүнчү учактарын кабыл алууга даяр

Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ишканасынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, техникалык каттамдын алкагында Airbus A320 үлгүсүндөгү учак жаңыланган учуп-конуу тилкесине конуп, абалы текшерилди.   Аталган аба майданда реконструкциянын алкагында учуп-конуу тилкеси узартылды. Алсак, буга чейин анын узундугу 2 миң 450 метр болсо, учурда 3 миң 750… Кененирээк…

Быйыл 400гө жакын этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, кайрылман статусун алгандардын 350сү Тажикстандан, калганы Өзбекстан, Кытай, Россия, Афганистан жана башка өлкөлөрдөн келген.   Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өлкөгө 90 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келген. Алардын 70 миңге жакыны кыргыз жарандыгын… Кененирээк…

Бишкекте 10-кичи райондун бир бөлүгүндө 12-августта суу болбойт

Муниципалитеттен билдиришкендей, суу эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин өчүрүлөт. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Тургундар жана мекеме-уюмдар ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы керек.

Ошто жер титиреди

Ош облусунда 9-август күнү саат 21:42де жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди. Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Нура айылынан 3 чакырым түндүк-батышта, Икизяк айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 135 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү… Кененирээк…