Куланак ГЭСине бара турган жаңы жол жана көпүрө курулууда

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей иштер Куланак жана Достук айылдарынын ортосунда жүрүп жатат.   Белгиленгендей, курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, иштерди белгиленген мөөнөттө жана талапка ылайык бүткөрүү мерчемделүүдө.

Ак-Талаада 30дан ашык социалдык объекттин курулушу жүрүп жатат

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда социалдык жана инфраструктуралык маанидеги 30дан ашык жаңы объект курулууда.   Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алардын арасында мектеп, бала бакчалар, Ак-Талаа ГЭСи, маданий борбор, спорт комплекси жана күч түзүмдөрүнө тиешелүү имараттар бар.   Ошондой эле үч объектте капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Ысык-Көлдө 200дөн ашуун үйдү селден коргой турган канал курулууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, курулуш Темир жана Кашат айылдарында жүрүп жатат.   Темир айылындагы долбоор аяктаганда 200дөн ашуун турак үй, ички чарбалык жолдор жана Бишкек–Каракол унаа жолунун 600 метрлик тилкеси селден корголот.   Кашат айылындагы иштердин натыйжасында 5 гектар айдоо аянты, конок үйлөр, эки ишкана,… Кененирээк…