Өлкөдө 1 миң 702 бала оор кырдаалдан чыгарылды

Өлкөдө 1 миң 702 бала оор кырдаалдан чыгарылды.   Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык,  жыл башынан бери оор турмуштук кырдаалда жашаган 3 миң 600дөн ашык бала аныкталган.   Ошондой эле ушундай абалда калган 1 миң 937 үй-бүлө аныкталып, алардын 260ы бул абалдан чыгарылган.… Кененирээк…

Агартуу министрлиги билим берүү тармагындагы мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнү улантууда

Агартуу министрлиги билим берүү тармагындагы мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнү улантууда.   Учурда “Түндүк” тиркемеси аркылуу баланы бала бакчага же мектепке каттоого, ошондой эле күбөлүк, аттестаттын электрондук версиясын жана мугалимдер үчүн иштеген жеринен маалымкат алууга болот. Бул керектүү документтерди онлайн тез жана ыңгайлуу тариздөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Быйыл 16 миңден ашык мугалимге жаңы ноутбуктар берилет

Быйыл 16 миңден ашык мугалимге жаңы ноутбуктар берилет.   Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, жалпысынан 16 миң 185 компьютер бөлүштүрүлөт. Буга чейин мугалимдерге 47 миңден ашуун ноутбук берилген:  27 миңден ашыгы 2024-жылы, дагы 20 миңден көбү 2025-жылы тапшырылган. Андан тышкары, быйыл республикалык бюджеттен мектептерге эмерек сатып… Кененирээк…

Ош шаарында таштандыны кайра иштетип, электр энергиясын өндүрө турган заводдун курулушу уланууда

Ош шаарында таштандыны кайра иштетип, электр энергиясын өндүрө турган заводдун курулушу уланууда.   Бул Кыргызстандагы ушундай экинчи ири ишкана болот. Учурда имараттын биринчи кабаты бүтүп, экинчи кабатында иштер жүрүп жатат.   Долбоордун баасы 8 миллиард 312 миллион сомду түзөт. Завод суткасына 800 тоннадан ашык таштанды… Кененирээк…

Тоң районундагы Калкагар айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда

Тоң районундагы Калкагар айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Курулуш министрлиги билдиргендей, учурда мектептин чатыры жабылып, ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.   Долбоордо заманбап класстар, химия, биология жана физика лабораториялары, китепкана, ашкана, спорт зал жана жыйындар залы каралган.

Өлкөдө “Мал аман” мамлекеттик ишканасы түзүлүп, ага 1,5 миң ветеринар жумушка алынат

Өлкөдө “Мал аман” мамлекеттик ишканасы түзүлүп, ага 1,5 миң ветеринар жумушка алынат.   Бул тууралуу айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу билдирди.   Анын айтымында, адистер малды эмдөө жана кан алып текшерүү сыяктуу мамлекеттик тапшырмаларды аткарып, айлык алышат. Ветеринарлардын айлыгы 30-40 миң… Кененирээк…

Кыргызстанда мектептерде профилдик окутуу жаңы окуу жылынан тарта этап-этабы менен киргизилет

Кыргызстанда мектептерде профилдик окутуу жаңы окуу жылынан тарта этап-этабы менен киргизилет.   Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Алгач  8-класстарда профилге чейинки даярдоо башталат, жогорку класстарда кесиптик-колдонмо программалар сыноодон өтөт. 2027-2028-окуу жылында 9 жана 11-класстарда жаңы багыттар киргизилет.   Ал эми 2028-2029-окуу жылында 12-класстарда академиялык жана… Кененирээк…

Кыргызстанда рулу оңдон солго которулган унааларды мыйзамдаштырып, каттоого уруксат берүү сунушталууда

Кыргызстанда рулу оңдон солго которулган унааларды мыйзамдаштырып, каттоого уруксат берүү сунушталууда.   Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.   Демилге чет элдик номердеги унааларды мыйзамдаштыруу өнөктүгүнүн алкагында каралууда. Мындай унаалардын техникалык абалы жана кайра жабдылышы атайын текшерилет. Коопсуздук талаптарына жооп бербеген машиналар каттоодон өтпөйт. Министрлер… Кененирээк…

Пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн жаңы эрежелери бекитилди

Кыргызстанда пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн жаңы эрежелери бекитилди. Бул боюнча Министрлер кабинети тиешелүү токтом кабыл алды.   Документке ылайык, мындан ары пиротехниканы атайын адистештирилген дүкөндөрдө гана сатууга уруксат берилет.   Ошондой эле затты колдонууда бир катар чектөөлөр киргизилди. Тактап айтканда, жумуш күндөрү түнкү саат 10дон таңкы… Кененирээк…

Ысык-Көлдө Асман шаары үчүн дагы 654 гектар жер бөлүндү

Ысык-Көл районундагы мамлекетке таандык 654 гектар жер Асман шаарын долбоорлоо жана курууга бөлүндү. Министрлер кабинетинен маалым болгондой, калктуу конуштар категориясына которулган жер тилкеси Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөттөрүнүн аймагында жайгашкан.   Анын басымдуу бөлүгү айыл чарба багытында болсо, калганы мамлекеттик токой чарба фондуна таандык.   Ысык-Көл райондук… Кененирээк…