Кыргызстанда быйыл электромобиль чогултуучу завод ачылышы мүмкүн

  Кыргызстанда быйыл электромобиль чогултуучу завод ачылышы мүмкүн.   Бул тууралуу экономика министринин орун басары Султан Ахматов билдирди.   Анын айтымында, долбоорго ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн инвесторлор тартылып, ишкана бажы жеңилдиктерин ала алат. Завод ишке кирсе, электромобилдерди жеңилдетилген шартта импорттоо үчүн квотага муктаждык болбойт. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

2027-жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБ өлкөлөрүндө электрондук сооданы жөнгө салган жаңы эрежелер күчүнө кирет

2027-жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБ өлкөлөрүндө электрондук сооданы жөнгө салган жаңы эрежелер күчүнө кирет.   Экономика жана соода министрлигинин маалыматына караганда, Кытай жана башка өлкөлөрдүн маркетплейстеринен Кыргызстанга келген товарларга 5 пайыздык бажы төлөмү алынат. Мында төлөмдүн өлчөмү товардын бир килограммына кеминде 1 еврону түзөт. Ал эми… Кененирээк…

Көл-Төр көлүнүн жырылуу коркунучу жоюлду

Чүйдүн Кегети капчыгайында жайгашкан Көл-Төр көлүнүн жырылып кетүү коркунучу жоюлду.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, куткаруучулар тарабынан жалпы узундугу 204 метр болгон сифондук түтүкчөлөр орнотулуп, көлдөгү суунун көлөмүн азайтуу боюнча иш-чаралар аткарылды.

Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу 216 МВтка чейин жогорулайт

Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, азыркы тапта станциянын кубаттуулугу 198 МВтты түзөт.   Учурда №1 жана №2 гидроагрегаттарды жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Буга чейин №3 жана №4 гидроагрегаттар модернизацияланып, ар биринин кубаттуулугу 9 МВтка көбөйтүлгөн.   Үч-Коргон ГЭСи Нарын дарыясында, Жалал-Абад облусунда жайгашкан.

Баткенде айрым аймактарда жарык жана суу берүү убактылуу токтотулду

Баткен шаарында кечки саат 5ке чейин электр энергиясын берүү токтотулду.   Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, мындан улам суу берүү сааттык график менен жүргүзүлгөн аймактарда ичүүчү суу да убактылуу өчүрүлдү.   Электр энергиясынын өчүрүлүшү күз-кыш мезгилине даярдык иштерине байланыштуу.

Ат-Башыда 3,5 чакырым жол Күн нурунан иштей турган энергия менен жарыктандырылды

Президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алар райондук өнүктүрүү фондунун каражатына орнотулган.   Белгиленгендей, күн энергиясы менен иштеген жарыктандыруу системалары электр энергиясына кеткен чыгымды азайтып, бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө шарт түзөт.   Ошондой эле айылдардагы түнкү жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө болот.

Бишкекте Улуттук филармониянын жанындагы фонтан жаңыланды

Бишкекте Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтан жаңыланып, музыкалык система менен жабдылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, фонтанга заманбап суу тазалоочу жана жалбырак чогултуучу жабдуулар орнотулду.   Ошондой эле филармониянын түндүк жана түштүк тарабындагы эки фонтан жаңыланды.   Аймакта ирригация жана тышкы жарыктандыруу системалары модернизацияланып, видеокамералар, жаңы отургучтар жана… Кененирээк…

Чет элдик жарандарга кыргызстандык карын энелердин кызматын пайдаланууга тыюу салуу сунушталууда

«Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Мыйзамдын маалымкат-негиздемесинде жаңы өзгөртүүлөр аялдарды жана балдардын ден соолугун коргоо, карын энеликти коммерциялаштырууга жол бербөө жана бул кызматты кыргыз жарандарынын пайдаланышы үчүн укуктук негиздерди түзүү максатында кирип жатканы жазылган.   Ага ылайык, Кыргызстанда карын энелик… Кененирээк…

Токтогулда суунун көлөмү былтыркыдан аз экени айтылды

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин республикалык штабынын жыйынында айтылды.   Буга байланыштуу суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимиттерин сактоо тапшырылды.   Бирок Токтогул суу сактагычындагы суунун так көлөмү расмий түрдө айтылган… Кененирээк…

Улуттук банк валюта базарына 196,2 млн доллар чыгарды

Бул быйылкы жылдын эсебинен онунчу ирет жасалып жаткан интервенция.   Буга чейин 14-июлда башкы тескөөчү банк валюта базарына 186 млн доллардан ашык саткан. Ал эми 29-июнда жыл башынан берки эң ири интервенцияны жасап, 222 млн 500 миң доллар чыгарган.