Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылында 1-сентябрда жаңы мектеп ачылат

Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылында 1-сентябрда жаңы мектеп ачылат.   Курулушу толук аяктаган билим берүү мекемеси 600 окуучуга ылайыкталган. Анда окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана жана спорт зал каралган. Долбоордун жалпы баасы 98 миллион сомду түздү.

Таластагы “Манас Ордо” комплексин реконструкциялоо иштери 85 пайызга аткарылды

Таластагы “Манас Ордо” комплексин реконструкциялоо иштери 85 пайызга аткарылды. Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, учурда объектте 400дөн ашык жумушчу иштеп жатат.   Долбоордо административдик борбор,  300 орундуу конгресс-холл, улуттук стилдеги коттедждер жана 3,5 миң орундуу маданий иш-чаралар борбору каралган.

Барскоон – Бедел унаа жолу 2028–2029-жылдары пайдаланууга берилет

Барскоон – Бедел унаа жолу 2028–2029-жылдары пайдаланууга берилет.   Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, жаңы жол Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы үчүнчү өткөрмө багыт болуп,   Эркечтам жана Торугарт бекеттерине кошулат. Жол ишке берилсе, Кытайга каттаган маршрут бир тарапка 650 чакырымга, эки тарапка… Кененирээк…

Кыргызстанда январь-июнь айларында орточо айлык 53 миң 759 сомго жетти

Кыргызстанда январь-июнь айларында орточо айлык 53 миң 759 сомго жетти.   Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, июнда эмгек акы былтыркы ушул айга салыштырмалуу 27,5 пайызга өскөн.   Май айында орточо айлык 51 миң 888 сом болгон. Айлык акы эң көп искусство, көңүл ачуу жана эс… Кененирээк…

29-августтан тарта милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

29-августтан тарта милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт.   Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. 29-августтан 6-сентябрга чейин мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байланыштуу Бишкектин жана Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Айрым жол тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылы мезгил-мезгили менен убактылуу жабылышы мүмкүн.  … Кененирээк…

Швецияда таштанды ыргытканда жооп кайтарган өзгөчө урналар пайда болду

Швецияда таштанды ыргытканда жооп кайтарган өзгөчө урналар пайда болду. Алар адамга ыраазычылык билдирип, жакшы күн каалап, айрым учурда тамак жегендей үн да чыгарат.   Эксперимент 2017-жылы адамдарды таштандыны көчөгө ыргытпай, урнага салууга тамаша аркылуу үндөө максатында башталган. Идея популярдуу болуп, бүгүнкү күндө мындай урналарды Стокгольм,… Кененирээк…

Бишкектин Свердлов районунда мыйзамсыз орнотулган 168 жарнамалык конструкция демонтаждалды

Бишкектин Свердлов районунда мыйзамсыз орнотулган 168 жарнамалык конструкция демонтаждалды.   Курманжан Датка көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Чоң Чүй каналына чейинки бөлүгүндө рейд жүргүзүлүп, дизайн-коддун талаптарын бузган жарнамалар алынды. Мэрия ишкерлерди жарнама конструкцияларын орнотуудан мурда анын мыйзамдуулугун текшерип, шаардык талаптарды сактоого чакырат.

Ошто Абдувалиев көчөсү толук жаңыланып, пайдаланууга берилди

Ошто Абдувалиев көчөсү толук жаңыланып, пайдаланууга берилди.   Мэриянын маалыматына караганда, узак жылдар бою оңдолбогон жол жаан-чачында суу топтолуп, айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратып келген.   Капиталдык оңдоодон кийин узундугу бир чакырымга жакын жол 12 метрге чейин кеңейтилди. Жаңы асфальт төшөлүп, тротуарлар жана ирригациялык… Кененирээк…

Кыргызстанда малды экспорттоого киргизилген тыюу дагы алты айга узартылышы мүмкүн

Кыргызстанда малды экспорттоого киргизилген тыюу дагы алты айга узартылышы мүмкүн.   Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ири мүйүздүү малды, жылкыны, кой жана эчкини экспорттоого чектөө 8-сентябрга чейин күчүндө.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматына караганда, тыюуну узартуу малдын… Кененирээк…

Кыргызстанда эң жогорку айлык тоо-кен тармагында катталды

Кыргызстанда эң жогорку айлык тоо-кен тармагында катталды.   Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, май айында бул тармактагы орточо эмгек акы 101 миң 500 сом болгон.   Экинчи орунда каржы жана камсыздандыруу — 99 миң сом, үчүнчүдө маалымат жана байланыш тармагы — 89 миң сом. Ал… Кененирээк…