Ысык-Көлдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата көк бөрү боюнча мелдеш өтө турган жаңы аянтча курулду

Ысык-Көлдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата көк бөрү боюнча мелдеш өтө турган жаңы аянтча курулду.   Оюндардын башкы режиссёру Алтынбек Максутов билдиргендей, арена 10 миң көрүүчүгө ылайыкталып, бардык зарыл сыноолордон өттү. Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Анда көк бөрү жана… Кененирээк…

Улуттук банк интернеттеги шектүү лотереяларга катышууда этият болууга чакырат

Улуттук банк интернеттеги шектүү лотереяларга катышууда этият болууга чакырат. Жарандарга лотереянын мыйзамдуу экенин расмий реестрлерден текшерүү сунушталат.   Ошондой эле белгисиз шилтемелерге кирбөө, жеке маалыматтарды бербөө жана шектүү уюштуруучуларга акча которбоо керек. Эгер лотереянын мыйзамдуулугу күмөн жаратса, ага катышпай, тиешелүү кызматтарга кайрылуу сунушталат.

Бишкекте 230 турак үйдүн фасады жаңыртылды

Бишкекте 230 турак үйдүн фасады жаңыртылды.   Айрым үйлөрдө иштер дагы эле уланып, акыркы баскычта турат. Мэр Айбек Жунушалиев билдиргендей, бул иштер алдыдагы саммитке гана байланыштуу эмес.   Шаарды көрктөндүрүү, үйлөрдүн сырткы көрүнүшүн жаңылоо жана көчөлөрдү жарыктандыруу Бишкекти узак мөөнөттүү өнүктүрүүгө багытталган. Мэрдин айтымында, иш-чаралар… Кененирээк…

Кыргызстан Кытай компаниясы менен энергетика тармагында кызматташат

Кыргызстан Кытай компаниясы менен энергетика тармагында кызматташат.   Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, тараптар электр тармактарын жаңылоо, инфраструктураны өнүктүрүү, санариптик технологияларды жана энергия топтоо системаларын киргизүү маселелерин талкуулашты.   Жыйынтыгында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлуп, биргелешкен жумушчу топ түзүлөт. Ал ишке ашырууга мүмкүн болгон… Кененирээк…