Ош шаарында 20га жакын жаңы мектеп курулууда

Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен дагы жети мектептин кошумча корпусу курулуп, айрымдары пайдаланууга берилди. Калган объектилерде курулуш иштери уланууда.   Долбоорлор окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүп, Ош шаарындагы билим берүү инфраструктурасын кеңейтүүгө багытталган.

Таласта «Чоң-Капкага» барчу 11 чакырым жол жаңыланды

Талас облусунда Кызыл-Адыр айылынан «Чоң-Капка» өткөрмө пунктуна чейинки 11 чакырым жолго толугу менен асфальт төшөлдү.   Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, быйыл Таластын Айтматов жана Манас райондорунда жалпы 28 чакырым жолду асфальттоо пландалган.   Учурда анын ичинде Тараз – Покровка – Кайыңды жолунун 9 чакырымында… Кененирээк…

Бишкек шаарында 1 миң 200 орундуу мектептин курулушу уланууда

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жаңы мектеп заманбап үлгүдө курулуп, окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Анда лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы жайгашат.   Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.   Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин, эки нөөмөттө 2 миң 500гө жакын… Кененирээк…

Баткен шаарына 5 даана жаңы атайын техника тапшырылды

Баткен шаарынын коммуналдык кызматтарынын техникалык базасы жаңы атайын техникалар менен толукталды.   Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, шаардык муниципалдык автобазага эки экскаватор, фронталдык жүктөгүч, жүк ташуучу унаа тапшырылды.   Техникалар шаарды көрктөндүрүү, тазалык иштерин жүргүзүү, жолдорду оңдоо жана башка муниципалдык иштерге пайдаланылат.

Бишкекте 1-сентябрда бюджеттик уюмдардын кызматкерлери эс алат

Бишкек шаарында иштеген кызматкерлердин айрым категориялары үчүн 1-сентябрь дем алыш болот. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскерткендей, тиешелүү документке Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.   Ага ылайык, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар, мекемелер жана ишкана кызматкерлери иштебейт. Ал күнү кызматкерлердин… Кененирээк…

Манас шаарында жаңы автобекет ачылды

Муниципалитеттен билдиришкендей, ал калаадан сырткаркы каттамдарды тейлейт.   Жаңы автобекеттин ишке кириши шаардагы транспорт кыймылын иретке келтирип, жол тыгындарын азайтууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

Энергетикадагы авариялык өчүрүүлөрдү комиссия иликтейт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдиргендей, акыркы жарым жылда өлкөдө 26 жогорку чыңалуудагы авариялык өчүрүү катталган.   Анын негизги себептери катары жабдууларды пайдалануу эрежелерин, коопсуздук техникасын бузуу, жабдуулардын техникалык абалы, электр берүү линияларынын үзүлүүсү жана айрым жооптуу жетекчилердин кайдыгер мамилеси айтылды.   Буга байланыштуу өлкөнүн… Кененирээк…

Рысгүл Акимжанова айыл чарба министринин орун басары болду

Рысгүл Акимжанова Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.   Рысгүл Акимжанова айыл чарба багытында иш алып барган компаниянын негиздөөчүсү.   Ал 2025-жылы парламенттик шайлоого №19 шайлоо округунан талапкерлигин… Кененирээк…

Бишкек менен Чүй облусунда аба ырайы бир аз салкындайт

Жакынкы жети күндө Бишкек жана Чүй облусунда аба ырайы бир аз салкындайт.   Синоптиктердин маалыматына караганда, 17-августтан 23-августка чейин күндүз абанын температурасы +32-33 градус болот. Бейшемби жана жума күндөрү 35 градуска чейин көтөрүлөт. Түнкүсүн 19 градус жылуу болот.   Асман негизинен ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт.

Кыргызстанда түшүм жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, дыйкандар пландалган айдоо аянттарынын жарымынан көбүн жыйнап бүтүштү. Бул былтыркы көрсөткүчтөн 26 миң гектарга көп.   Кампаларга дээрлик 1 миллион тонна дан эгин жеткирилди, ал эми жалпы түшүм дээрлик 7 пайызга өстү.   Буудайдын көрсөткүчү да жакшы: анын 80 пайыздан… Кененирээк…