Криштиану Роналду учурдагы сезон аяктагандан кийин карьерасын жыйынтыкташы мүмкүн

Криштиану Роналду учурдагы сезон аяктагандан кийин карьерасын жыйынтыкташы мүмкүн. Футболчу эми көбүрөөк эс алып, саякаттап, жетишкендиктеринен ырахат алууну пландап жатат.   Эске салсак, Роналду чоңдор арасындагы футболдогу биринчи расмий беттешин 2002-жылдын 14-августунда Лиссабондун “Спортинг” клубунун курамында өткөргөн.   Карьерасында футболчу эл аралык жана клубдук деңгээлде… Кененирээк…

Кыргызстандын ички дүң өнүмү 2026-жылдын январь-июль айларында 1 триллион 172,7 миллиард сомго жетти

Кыргызстандын ички дүң өнүмү 2026-жылдын январь-июль айларында 1 триллион 172,7 миллиард сомго жетти.   Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экономика 11,1 пайызга өскөн. Көрсөткүчтүн дээрлик 50 пайызын кызмат көрсөтүү тармагы түздү, товар өндүрүшүнүн үлүшү 34,2 пайыз болду.   Өнөр жай… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө газ берүү убактылуу токтотулат

Бишкектин бир бөлүгүндө газ берүү убактылуу токтотулат.   “Бишкекгаз” кызматынын маалыматына караганда, көгүлтүр от 19-августка чейин Чоң Чүй каналы, Ала-Арча айылы, Лев Толстой, Алыкулов, Киров, Фрунзе, Дэн Сяопин, Патрис Лумумба, Фучик жана Жамгырчинов көчөлөрү менен чектелген аймактарда өчүрүлдү. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында кабыл алуунун алтынчы туру башталды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында кабыл алуунун алтынчы туру башталды. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына ылайык, электрондук талондорду каттоо 19-августка чейин жүргүзүлөт.   Эске салсак, алгач кабыл алуу өнөктүгүн беш тур менен өткөрүү пландалган. Бирок жогорку окуу жайларда дагы 30 миңдей бош орун… Кененирээк…

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын — Баетов унаа жолунун  84–115-чакырымдарында курулуш иштери уланууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын — Баетов унаа жолунун  84–115-чакырымдарында курулуш иштери уланууда.   Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, узундугу 31 чакырым болгон тилкенин 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Калган бөлүгүндө асфальт төшөөгө даярдык иштери жүрүп жатат.

23-августтан тарта Бишкек — Ташкент багыты боюнча түз аба каттамы ачылат

23-августтан тарта Бишкек — Ташкент багыты боюнча түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы билдирди. Учактар жумасына эки жолу — бейшемби жана жекшемби күндөрү каттайт.   Андан тышкары, Өзбекстандын Самарканд жана Үргөнч шаарларына дагы эки каттам ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасынын курулушу дээрлик аяктап калды

Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасынын курулушу дээрлик аяктап калды.   Маданият министринин орун басары Аскаралы Мадаминов билдиргендей, оюндар учурунда бул жерде эки тематикалык шаарча иштейт: бири кол өнөрчүлөр үчүн, экинчиси этно-фудкорттор үчүн уюштурулат. Эки шаарчада тең түрдүү сынактар, фестивалдар жана мастер-класстар өтөт.   Фудкорт аймагында… Кененирээк…

“Кыргызкөмүр” Бишкек жана Чүйдө көмүрдү атайын отун базаларында сатып баштады

“Кыргызкөмүр” Бишкек жана Чүйдө көмүрдү атайын отун базаларында сатып баштады.   Компания жарандарга күз-кыш мезгилине алдын ала даярданууну, суук түшкөндө ажиотаж жана кезек жаралбашы үчүн көмүрдү эртерээк сатып алууну сунуштайт.   12-августтан тарта базаларга Кара-Кече кенинен көмүр түшүрүлүп жатат. Жакын арада Миң-Куш кенинин Агулак участогунан… Кененирээк…

Талас шаарындагы борбордук стадиондун курулушунун 75 пайызы аткарылды

Талас шаарындагы борбордук стадиондун курулушунун 75 пайызы аткарылды. 5 миң көрүүчүгө ылайыкташкан стадиондо VAR системасы, медиа жана VIP-зоналар каралган.   Учурда объектте 300дөн ашык жумушчу иштеп жатат. Стадионду Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.  

Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 125 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлдү

Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 125 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлдү.   Бул жалпы пландалган аралыктын 90 пайызын түзөт. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жолдун жалпы узундугу 141 чакырым. Учурда курулушка 978 жумушчу жана 402 атайын техника тартылган.