Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы 2-сентябрда башталат

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы жайкы эс алуудан кийин өз ишин 2-сентябрда баштайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.   Маалыматка ылайык, бул күнү II сессия башталып, эл өкүлдөрү ишин улантат.   Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары I сессиянын ишин 25-июнда жыйынтыктап, жайкы эс алууга… Кененирээк…

Мамлекеттик салык кызматы чет элдик компанияларды салык төлөөгө чакырды

Мамлекеттик салык кызматы электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компаниялар салык органында милдеттүү түрдө салыктык каттоодон өтүүгө тийиш экенин эскертти.   Салык кодексине ылайык, электрондук кызматтарга программалык камсыздоо, онлайн оюндар, интернет тармагында жарнама жайгаштыруу, хостинг жана маалыматтарды сактоо сыяктуу кызматтар кирет.   Ушул тапта өлкөдө электрондук… Кененирээк…

Соода-өнөр жай палатасы 10 өлкөгө жаңы өкүлдөрүн дайындады

Соода-өнөр жай палатасынын президиуму 10 өлкөдөгү жаңы өкүлдөрүн бекитти.   Мекемеден билдиришкендей, алар Өзбекстан, Испания, Швейцария, Кытай, Болгария, Иран, Индия жана Түркияда иш алып барышат.   Жаңы өкүлдөрдүн негизги милдети кыргызстандык жана чет элдик ишкерлердин ортосунда түз байланыштарды түзүү, потенциалдуу өнөктөштөрдү жана инвесторлорду тартуу, ата… Кененирээк…

Мугалимдердин республикалык август кеңешмеси 21-22-августта өтөт

Быйыл мугалимдердин республикалык август кеңешмеси 21-22-августта өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди. Анын айтымында, август кеңешмесинде өткөн окуу жылына талдоо жүргүзүлүп, жаңы окуу жылына карата билим берүү тармагындагы негизги багыттар жана милдеттер аныкталат. “Учурда август… Кененирээк…

Көл-Суунун жээги таштандылардан тазаланды

Ат-Башы районундагы Көл-Суу жана Көк-Кыя аймактарында тазалык иштери жүргүзүлдү.   Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, жергиликтүү тургундардын жана туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн катышуусу менен аймактагы таштандылар чогултулду.   Адистердин маалыматына караганда, акыркы күндөрү жааган жаандан улам көлдүн деңгээли көтөрүлүп, таштандылар жээкке сүрүлүп келген.

Кыргызстан Кытайдан авиакеросин, дизель ташып келет

Кыргызстандын күйүүчү май тармагында иштеген бир катар компаниялары Кытайдан авиакеросин жана дизель ташып келет. Тиешелүү келишимдерге кол коюлганын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков билдирди.   Ушул тапта Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда жумушчу сапары менен жүргөн Эрлист Акунбеков бул сапардын негизги максаты – эки… Кененирээк…

Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине даярдыкка көзөмөлдү күчөттү

Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин жүрүшүнө жана коюлган милдеттердин өз убагында аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүдө. Анын алкагында адистер аймактарга чыгып, энергетикалык объектилердин даярдыгын, жабдуулардын техникалык абалын жана пландалган иштердин аткарылышын жеринде текшерүүдө.   Бекитилген графиктерден артта калуу фактылары аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөт. Жооптуу уюмдар… Кененирээк…

Эстония 2026-жылы көчүп барууга эң ылайыктуу өлкөлөрдүн рейтингинде биринчи орунду ээледи

Эстония 2026-жылы көчүп барууга эң ылайыктуу өлкөлөрдүн рейтингинде биринчи орунду ээледи.   Экинчи орунда Сингапур, үчүнчүдө Малайзия турат. Rumavi Global Relocation Index рейтинги жашоо сапаты, коопсуздук, медицина, экономикалык мүмкүнчүлүктөр жана каржылык келечек сыяктуу 24 критерийдин негизинде түзүлгөн. Алдыңкы ондукка Португалия, Тайвань, Литва, Гонконг, Сент-Китс жана… Кененирээк…

Ош шаарында Курманжан датка көчөсүнү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды

Ош шаарында Курманжан датка көчөсүнүн Аматов көчөсүнөн Жиннах көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, аталган тилкеде асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери жүргүзүлөт.   Буга байланыштуу коомдук транспорттордун жана башка унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет.