Бишкекте теннис менен жыл бою машыгууга шарт түзүлөт

Бишкек шаарында «Жабык теннис комплексин реконструкциялоо жана жеңил конструкцияларды куруу» долбоору боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол коюлду. Муниципалитеттен билдиришкендей, долбоор Бишкек шаарынын 4-кичи районундагы 14/2 дарегинде ишке ашырылат. Долбоордун алкагында иштеп жаткан жабык теннис комплексин реконструкциялоо жана жеңил конструкцияларды куруу каралган. Бул иштер заманбап… Кененирээк…

Ордо калаанын айрым аймактарында убактылуу газ өчүрүлөт

«Бишкекгаз» кызматынан билдиришкендей, мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Ага ылайык, эртеңден тарта 23-августка 7-Апрель, Куйручук, Молдокулов, Ахунбаев көчөлөрүндө, 22-августка чейин Широкая, Новая көчөсүндө көгүлтүр от болбойт.

Жыл башынан бери Кыргызстанда 1 миң чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү

Кыргызстанда 19-августка карата 1 миң 208 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, былтыр ушул эле мезгилде өлкө боюнча 597 чакырым жол асфальтталган. «Демек, быйылкы көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өстү. Учурда өлкөнүн бардык аймактарында… Кененирээк…

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 112 өлкөнүн спортчулары катышат

Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн 112 өлкөсүнөн спортчулар катышуу үчүн арыз берди. Бул тууралуу оюндарды уюштуруу комитети кабарлады.   Маалыматка ылайык, 3 миңге жакын спортчу катышат деп күтүлүүдө. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жобосуна ылайык, спорттун 42 түрү бекитилген.   31-августта өлкөлөрдүн спорттук… Кененирээк…

«Бек-Абад» көзөмөл өткөрүү бекети реконструкцияланат

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Бек-Абад» көзөмөл өткөрүү бекети реконструкцияланат.   Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган пунктун инфраструктурасын жаңылоо жана Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайык келтирүү, ошондой эле жарандар менен транспорт каражаттарынын мамлекеттик чек арадан үзгүлтүксүз жана ыкчам өтүшүн камсыз кылуу боюнча иштер жүрөт.

Бишкекте ортопедия борбору курулуп жатат

Медициналык комплекс 450 орунга ылайыкташып, дарылоо, реабилитация, студенттерди окутуу жана илимий иштерди бириктирет.   Борбордо миңге жакын адам эмгектенет. Имарат компьютердик томограф, рентген жана хирургия үчүн роботтук системалар менен жабдылып, чатырында тик учак үчүн аянтча болот.   Долбоордун алгачкы этабына мамлекет үч миллиард сом бөлгөн.… Кененирээк…

Музыка адамдын мээсинде эс тутум механизмдерин иштетет

Музыка адамдын мээсинде кызыктуу окуяларды уккандагыдай эле элестетүү жана эс тутум механизмдерин иштетет. Муну америкалык окумуштуулар аныкташты.   Алардын айтымында, обондор адамдардын басымдуу бөлүгүндө жөн гана ноталардын жыйындысы катары эмес, окшош сюжеттик элестерди пайда кылат.   Бул ачылыш капыстан пайда болгон ойлордун табиятын жакшыраак түшүнүүгө… Кененирээк…

Кыргызстанда жаанчыл аба ырайы болот

Бул жуманын аягы Кыргызстанда жаанчыл аба ырайы болот.   Синоптиктердин маалыматына караганда, өлкөнүн бардык аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Өзгөчө Ысык-Көл жана Чүй облустарында жаан катуу жаайт. Абанын температурасы төмөндөйт.   Бүгүн жана эртең борбордук аймактарда күндүн табы 32-34 градуска чейин көтөрүлсө, дем алыш күндөрү абанын температурасы… Кененирээк…

Ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт

Ички иштер органдарынын кызматкерлери ШКУ саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана мамлекет башчыларынын сапарлары учурунда күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу ИИМ билдирди.   Кызматкерлерге коопсуздук менен коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыз кылуу, мыйзам бузууларды токтотуу жана ар кандай коркунучтарга ыкчам чара көрүү тапшырылды.   Ошондой эле… Кененирээк…

Мамлекет күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн 1 млрд сом коротту

Мамлекет бензин, дизель жана автогаздын баасын кымбаттатпай кармап туруу үчүн күйүүчү-майлоочу май ташыган компанияларга бюджеттен субсидияга болжол менен 1 миллиард сом коротту. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан маалым болду.   Жакынкы Чыгыштагы абал жана Украина менен Россиянын жагдайы дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып… Кененирээк…