Бишкекте Жылуулук электр борборунун технологиялык каналынын жээги иретке келтирилип жатат
Бишкекте Жылуулук электр борборунун технологиялык каналынын жээги иретке келтирилип жатат. Мэриянын маалыматына караганда, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки тилкеде жашоочулар үчүн заманбап сейилдөөчү аймак түзүлүүдө. Бул жерде коргоочу тосмолор жана жарыктандыруучу мамылар орнотулду. Ошондой эле жээк бекемделип, эски көпүрөнүн ордуна жаңысы курулуп жатат.









