Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун IV фазасында реконструкция иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун IV фазасында реконструкция иштери уланууда.   Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда Талас – Тараз багытындагы жолдо асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп жатат.   Иштерге 220 даана атайын техника жана 473 кызматкер тартылган. Долбоор аяктагандан кийин жолдун өткөрүмдүүлүгү жогорулап,… Кененирээк…

Урмат Абдукаимов Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды

Урмат Абдукаимов Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды.   Мындай чечим Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынды.   Бул кызматта ал Роберт Просинечкини алмаштырды. Абдукаимовго команданы алдыдагы эл аралык мелдештерге, анын ичинде 2027-жылдагы Азия кубогуна даярдоо милдети жүктөлдү.

Олимпиадада алдыңкы орундарды ээлеген спортчуларга төрт жылга мамлекеттик стипендия берүү сунушталууда

Олимпиадада алдыңкы орундарды ээлеген спортчуларга төрт жылга мамлекеттик стипендия берүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Ага ылайык, стипендия 1-5-орун алган спортчуларга бир олимпиадалык циклге, башкача айтканда, төрт жылга дайындалат. Бирок спортчу допинг колдонгону аныкталса, кылмыш жасаса, Кыргызстандын жарандыгынан чыкса… Кененирээк…

28-августтан 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө айрым жолдордо унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет

28-августтан 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө айрым жолдордо унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет.   Облустук милициядан билдиришкендей, иш-чара өтүп жаткан мезгилде коомдук транспортту пайдалануу акысыз болот.   Атайын транспорт Семеновка айылынан Кырчын жайлоосуна чейин жана Кырчын жайлоосунан Григорьевка айылына чейин каттайт. Жеке унаасы менен келген жарандар машинасын калтырып,… Кененирээк…

Жакынкы 3–4 жылда Кыргызстанда айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү 400дөн ашык ишкана куруу пландалууда

Жакынкы 3–4 жылда Кыргызстанда айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү 400дөн ашык ишкана куруу пландалууда.   Алар өлкөнүн 40 районунда ишке кирет. Айыл чарба министринин орун басары Илич Марсбек уулу билдиргендей, ишканалардын айланасына дыйкан-фермерлерди бириктирүү аркылуу тармакты өнүктүрүү мүмкүн болот. Алсак, өндүрүүчүлөрдү кайра иштетүү жана сактоо… Кененирээк…

Жаш кызматкерлер эми айлыгын жумушун аткаргандан кийин дароо, ошол эле күнү алууну каалашат

Жаш кызматкерлер эми айлыгын жумушун аткаргандан кийин дароо, ошол эле күнү алууну каалашат — такси айдоочулары же курьерлер сыяктуу.   Алардын көбү акча иштелип табылган болсо, эмнеге эки жума же бир ай бою күтүш керектигин түшүнүшпөйт.   Компаниялар да бул талаптарга ылайыкташа баштады. АКШда иштеп… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда балык уулоого электрондук билет алууга мүмкүндүк берген QR-коддор жайгаштырылган 49 маалыматтык тактайча орнотулду

Ысык-Көл облусунда балык уулоого электрондук билет алууга мүмкүндүк берген QR-коддор жайгаштырылган 49 маалыматтык тактайча орнотулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.   Тактайчаларда балык уулоонун эрежелери жана жол-жобосу тууралуу маалымат да камтылган. Алар балык көп кармалган жерлерге орнотулду.

Катализаторлорду өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Катализаторлорду өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунда айтылат. Чектөөлөр жарым жыл күчүндө болот.   Чечим жарандардын ден-соолугун жана өмүрүн коргоого, унаалар бөлүп чыгарган заттар абаны булгоо деңгээлин азайтууга багытталган. Өкмөттөн белгилешкендей, катализаторлор кымбат болгондуктан, аларды уурдап, же атайын чечип саткан… Кененирээк…

Кыргызстанда айрым аймактарда дрондордун жана жалпы авиациялык багыттагы аба кемелеринин учуусуна убактылуу тыюу салынат

Кыргызстанда айрым аймактарда дрондордун жана жалпы авиациялык багыттагы аба кемелеринин учуусуна убактылуу тыюу салынат.   Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, чектөөлөр 27-августтан 10-сентябрга чейин Бишкекте, Ысык-Көл жана Чүй облустарында, ал эми 10-сентябрдан 15-сентябрга чейин Бишкекте, Чүй жана Талас облустарында күчүндө болот.   Мындай чаралар… Кененирээк…

Өлкөдө жыл башынан бери азык-түлүк товарларынын баасы 6,3 пайызга өстү

Өлкөдө жыл башынан бери азык-түлүк товарларынын баасы 6,3 пайызга өстү.   Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Ага ылайык, ушул эле мезгилде күнүмдүк керектелүүчү товарлар 5,8 пайызга, ал эми кызмат көрсөтүүлөр 11 пайызга кымбаттаган.   Баанын өсүшүнө ички жана тышкы факторлор таасир берип жатканы айтылды.Улуттук банктын… Кененирээк…