Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү менен байге ээлерине тапшырыла турган алтын, күмүш жана коло медалдар тартууланды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү менен байге ээлерине тапшырыла турган алтын, күмүш жана коло медалдар тартууланды. Дизайн кыргыз элинин салттуу философиясына негизделген.   Алардын ар биринин ортосунда Көчмөндөр оюндарынын расмий логотиби жайгаштырылган. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Ага 100дөн ашуун өлкөдөн спортчулар катышары күтүлүүдө.

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо долбоорунун алкагында адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарчанын курулушу башталды башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо долбоорунун алкагында адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарчанын курулушу башталды башталды.   “Чакан ГЭС” ишканасынан билдиришкендей, долбоордун алкагында ГЭСтин негизги жабдуулары толугу менен жаңыланат.   Натыйжада станциянын кубаттуулугу 7,6 МВттан 10 МВтка, ал эми жылдык электр энергиясын өндүрүү 37 млн кВт/сааттан 53,5… Кененирээк…

Бишкекте Кайназарова жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы эс алуу жайы пайда болот

Бишкекте Кайназарова жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы эс алуу жайы пайда болот.   Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, аймак жашылдандырылып, көрктөндүрүлөт.   Скверде балдар ойной турган аянтча, воркаут-зона, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор жана унаа токтотуучу жай каралган. Ошондой эле отургучтар жана заманбап көчө жарыгы орнотулат.

Кыргызстанда туристтер үчүн конок борборлору жана эл аралык хабдар ачылат

Кыргызстанда туристтер үчүн конок борборлору жана эл аралык хабдар ачылат.   Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Эдуард Кубатов билдиргендей, аянты 500-600 чарчы метрди түзгөн борборлордо кофеканалар, буюм сактоочу жайлар, коворкинг-аймактар, дүкөндөр болот. Мындай 40 объектти район борборлоруна куруу пландалууда.   Андан тышкары, Каракол, Бишкек, Ош… Кененирээк…

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет.   Сапардын алкагында эки өлкөнүн лидерлери стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелерин талкуулап, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшат.   Андан тышкары, Си Цзиньпин Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанатка, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана Дүйнөлүк… Кененирээк…

1-сентябрдан 6-сентябрга чейин медициналык кызматтар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган негизги жайларда иштейт

1-сентябрдан 6-сентябрга чейин медициналык кызматтар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган негизги жайларда иштейт.   Оюндардын медиа-штабынан билдиришкендей, медициналык жардам Өрнөк айылындагы Көчмөндөр цивилизациясынын музейинде, “Рух Ордо” комплексинде жана Чолпон-Атадагы ипподромдо, Бостери айылындагы “Дордой Номад” аймагында, ошондой эле Кырчын капчыгайында уюштурулат.   Эң көп медицина… Кененирээк…

Өкмөт күйүүчү май кымбаттап кетпеш үчүн субсидиялоону жаңы жылга чейин узартты

Өкмөт күйүүчү май кымбаттап кетпеш үчүн субсидиялоону жаңы жылга чейин узартты.   Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому чыкты. Максаты экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, элди автогаз, бензин жана дизель майы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, улуттук экономиканын субъектилерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү.   Бирок субсидияны эсептөөдө колдонулуучу белгиленген баа… Кененирээк…

Ош шаарындагы “Тунук Наристе” бала бакчасы капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы “Тунук Наристе” бала бакчасы капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди.   Муниципалитеттен билдиришкендей, объект  250 орунга ылайыкталып, балдар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлдү.   Оңдоо иштерине каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.

Бишкекте 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин түз эфирде көрүү үчүн 11 фан-зона уюштурулат

Бишкекте 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин түз эфирде көрүү үчүн 11 фан-зона уюштурулат.   Мэриядан билдиришкендей, негизги зона Ала-Тоо аянтында жайгашат.   Расмий көрсөтүү башталганга чейин концерт тартууланатр. Ошондой эле коноктор үчүн фуд-корт, эс алуу жайлары жана үй-бүлөлүк көңүл ачууга арналган башка аянтчалар… Кененирээк…

28-августтан 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу жол кыймылы убактылуу өзгөрөт

28-августтан 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу жол кыймылы убактылуу өзгөрөт.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Семеновка айылынан Кырчын жайлоосуна чейин жана Кырчын жайлоосунан Григорьевка айылына чейин жол убактылуу бир тараптуу багытта уюштурулат.   Чектөөлөр Бает айылынан Ананьево айылына чейин киргизилет.… Кененирээк…