Жалал-Абад облусунда Ала-Бука—Караван унаа жолун оңдоо иштери уланууда
Жалал-Абад облусунда Ала-Бука—Караван унаа жолун оңдоо иштери уланууда. Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жолдун 7 чакырымына асфальт төшөлөт. Учурда иштер белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Оңдоо иштери аяктагандан кийин аймак тургундары үчүн транспорттук байланыш жакшырып, жол кыймылынын коопсуздугу жогорулайт.









