Талас облусунун кире беришиндеги арка реконструкцияланды

Талас облусунун кире беришиндеги арка реконструкцияланды.   Иштер Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына даярдыктын алкагында жүргүзүлдү. Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаевдин айтымында, арка жаңыланып, эс алуу жайы курулуп бүттү.   Ошондой эле Манаска арналган эстелик толугу менен оңдолуп, жанына Манастын жети осуяты орнотулду.  Андан тышкары,… Кененирээк…

Бишкекте курулуш иштери токтотулат

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу 30-августтан тартып үч күнгө курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө жана оор атайын техникаларды колдонууга убактылуу чектөө киргизилди.   Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, мындай чектөө эл аралык ири иш-чаралар учурунда шаардагы коопсуздукту жана… Кененирээк…

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Ысык-Көл облусунда экологиялык жана техникалык коопсуздук күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнөт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Ысык-Көл облусунда экологиялык жана техникалык коопсуздук күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнөт.   Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Ыкчам топ оюндар өтүүчү жайларда экологиялык жана техникалык талаптардын сакталышын көзөмөлдөп, мыйзам бузуулардын алдын алуу жана аныкталган… Кененирээк…

Төлөм терминалдары аркылуу акча салган жаран идентификациядан өтүшү керек болот

Төлөм терминалдары аркылуу акча салган жаран идентификациядан өтүшү керек болот.   Тиешелүү токтом долбоорун Улуттук банк коомдук талкууга чыгарды. Мында кеп төлөм терминалдары аркылуу банк картасына, эсепке же электрондук капчыкка накталай акча салган учур тууралуу сөз болуп жатат. Учурда терминал аркылуу мындай операцияларды жасоодо адамдын… Кененирээк…

Алыскы аймактарда жана айылдарда иштеген дарыгерлерге ар үч ай сайын кошумча 66 миң сомдон төлөнөт

Алыскы аймактарда жана айылдарда иштеген дарыгерлерге ар үч ай сайын кошумча 66 миң сомдон төлөнөт.   Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.   Бул каражат мамлекеттик ооруканаларда, клиникаларда иштеген дарыгерлерге жана медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө берилет. Жалпысынан мындай дем берүүчү төлөм 1… Кененирээк…

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга 35 миң абитуриент кабыл алынды

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга 35 миң абитуриент кабыл алынды. Алардын 80 пайызы контракттык негизде окууга өтсө, калганы бюджеттик орундарга кабыл алынган.   Эң көп тандалган багыттар — педагогикалык жана гуманитардык адистиктер, экономика жана каржы, медицина, маалыматтык технологиялар, ошондой эле юриспруденция, архитектура жана курулуш болду. Эске… Кененирээк…

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи жана ШКУнун саммитине байланыштуу борбордо негизги көчөлөр маал-маалы менен жабылып турат

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи жана ШКУнун саммитине байланыштуу борбордо негизги көчөлөр маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу мэрия маалымдайт.   Чектөөлөр киргизиле турган көчөлөр — «Манас» аэропортунан шаарга чейинки жол, Фучик, Абдрахманов көчөлөрү, Чүй, Айтматов, Масалиев проспектилери.   Буга чейин аталган иш-чаралардан улам шаардагы көпчүлүк… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу жол кыймылы убактылуу өзгөрдү

Бүгүнтөн тарта 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу жол кыймылы убактылуу өзгөрдү.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Семеновка айылынан Кырчын жайлоосуна чейин жана Кырчын жайлоосунан Григорьевка айылына чейин жол убактылуу бир тараптуу багытта уюштурулат.   Чектөөлөр Бает айылынан Ананьево айылына чейин киргизилет.… Кененирээк…

Кыргызстан соода-логистикалык борбор куруу үчүн Кытайдан жер сатып алды

Кыргызстан соода-логистикалык борбор куруу үчүн Кытайдан жер сатып алды.   Бул тууралуу Улуттук инвестициялар агенттигинин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргыз-кытай бизнес-форумунда билдирди.   Анын айтымында, республика Сиань шаарынан 9 гектар жер алган. Ал жакта Сиань — Кашкар — Ош багыты боюнча соода-логистикалык борбор куруу пландалууда. Ошондой… Кененирээк…

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдын баасы турукташканга чейин субсидияланат

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдын баасы турукташканга чейин субсидияланат.   Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.   Анын айтымында, күйүүчү майдын кымбатташы дүйнөлүк тенденцияларга байланыштуу. Бийлик өкүлдөрү баалардын мурдагы деңгээлге чейин төмөндөшүн күтүп жатат. Данияр Амангелдиев субсидиялоо бюджетке жана салык төлөөчүлөргө кошумча… Кененирээк…