Талас районунун Ак-Жар айылында мектептин жаңы окуу корпусу курулду
Талас районунун Ак-Жар айылында мектептин жаңы окуу корпусу курулду. Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, 150 орундуу имаратта окуу класстары, химия жана биология лабораториялары, китепкана, ашкана жана жыйындар залы бар. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, жаңы корпус окуу жылынын башталышына карата пайдаланууга берилет.









