Бишкекте 15 миңден ашык милиция коопсуздукту камсыздады

ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында Бишкекте коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого 15 миңден ашуун милиция кызматкери тартылды. Бишкек шаардык милициясынан билдиришкендей, алар расмий делегациялардын каттамдарында, иш-чаралар өткөн объектилерде жана жарандар, чет өлкөлүк коноктор көп топтолгон аймактарда кызмат өтөштү. «Милиция чет өлкөлүк… Кененирээк…

Өлкөдө сел жүрүү коркунучу бар

Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, сел жүрүү коркунучу 5-сентябрга чейин сакталат.   Буга туруксуз аба ырайы жана айрым аймактардагы жаан-чачын себеп болууда. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.   Жарандарга сак болуу сунушталат.

Ошто Авиценна көчөсүн реконструкциялоо иштери башталды

Ош шаарында Авиценна көчөсүн реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Долбоордун алкагында жолдун жүрүүчү бөлүгү 26 метрге чейин кеңейтилип, төрт тилкелүү болот.   Мындан тышкары, бордюрлар орнотулуп, ирригациялык тармактар жана жөө адамдар үчүн тротуарлар курулат. Ошондой эле узундугу 24 метр болгон жаңы көпүрө… Кененирээк…

Кырчын капчыгайында “Аска” мобилдик башкаруу пункту уюштурулду

Кырчын капчыгайында ИИМдин Ички аскерлеринин “Аска” мобилдик башкаруу пункту уюштурулду. Ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө коопсуздукту камсыздоо үчүн колдонулууда.   Атайын жабдылган унаа кызматкерлердин аракеттерин координациялоого жана кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам жооп кайтарууга мүмкүнчүлүк берет.   “Аска” пункту аркылуу капчыгайдагы кырдаалга туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп, укук… Кененирээк…

“Көчмөндөр ааламы” этношаарчасында этнобазар ишин улантууда

Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги аянтчаларынын бири болгон этнобазар ишин улантууда. Бул жерде кыргызстандык усталардын буюмдары, кийизден жасалган буюмдар, килемдер жана шырдактар, улуттук кийимдердин элементтери, сувенирлер жана башка кол өнөрчүлүк буюмдары сунушталууда.   Жанында улуттук тамак-аш аймагы да иштеп, анда… Кененирээк…

Ош менен Лахор боордош шаарлар болду

Ош шаары менен Пакистандын Лахор шаарынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюлду. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев белгилегендей, эки тараптуу сүйлөшүүдө шаарлар ортосунда билим берүү, туризм тармактарында кызматташуу талкууланды.. “Лахор дагы Ош шаарындай эле калкынын саны боюнча Пакистандагы экинчи шаар болуп саналат. Калкынын… Кененирээк…

Парламент Асаналиевди УКМК төрагасы кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызмат ордуна Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берип, тийиштүү токтом кабыл алды.   Жыйында талапкерди президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.   Асаналиевди УКМК жетекчиси кылып дайындоого 87 депутат макул болсо, «каршы» добуш… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын II сессиясы ишин баштады

Бүгүн Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын II сессиясы ишин баштады.   Парламенттин бул жолку чакырылышынын I сессиясынын иши 25-июнда жыйынтыкталган.   Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев буга чейин парламент президенттик кезектеги шайлоону 27-сентябрга чейин дайындашы керектигин билдирген. Бул маселе 16-17-сентябрь күндөрү күн тартибине киргизилип, токтом кабыл… Кененирээк…

Ысык-Көлгө Тез жардам борборунун 20 бригадасы жөнөтүлдү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көлгө Тез жардам борборунун 20 бригадасы жөнөтүлдү.   Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, тез жардам унаалары оюндардын негизги жайларына жеткирилип, катышуучуларга жана конокторго зарыл болгон медициналык жардам көрсөтөт.   Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 6-сентябрга чейин уланат. Мелдештерге дүйнөнүн… Кененирээк…

Бишкекте Кыргызстан-Пакистан кызматташтыгы талкууланууда

Президенттик администрация билдиргендей, Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүү өткөрдү. Анда эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды.   саяМындан тышкары, виртуалдык активдер жаатындагы кызматташтыктын келечегин карап чыгып, маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгү тууралуу сөз болду.