Талас облусунун Манас районунда жаңы мектеп ачылат
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, 150 орундуу мектеп Май айылында жайгашкан. Имаратта окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс жана спорт зал каралган. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, курулуш иштерине 90 миллион сом жумшалган. Мектепти жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берүү пландалууда.









