Кыргызстанда Улуттук шахмат академиясы түзүлөт

Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду.   Документ эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды даярдоо системасын өркүндөтүү, жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү үчүн заманбап база түзүү жана таланттуу спортчуларды системалуу колдоо максатында кабыл алынды.

Жаңы Ош базары 100 пайыз мамлекетке таандык болот

Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.   Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө курулуш иштери болжол менен 90 пайызга аткарылды.   Жаңы базардын ишмердүүлүгү толугу менен санариптик форматка өткөрүлөт.   Соодагерлерди эски базардан жаңы базарга көчүрүү иштери жакынкы убакта башталат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында нөшөрлүү жаан күтүлүүдө. Буга байланыштуу сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.   Тургундарга сак болуу сунушталат.

Ноокен районунда жаңы мектептин курулушу аяктады

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жаңы мектептин курулушу аяктады.   Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, 150 орундуу мектеп Кыргызстан айылында жайгашкан. Имаратта окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, эмгекке үйрөтүү кабинеттеринен тышкары, жыйындар жана спорт залдары каралган.   Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, курулуш иштерине 90 миллион… Кененирээк…

Кырчында абал тынч, тартип көзөмөлдө

Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдиргендей, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чаралар учурунда коомдук тартип жана жарандардын коопсуздугу толук камсыздалууда.   Министрдин айтымында, саамалыктын алгачкы күндөрүндө элдин агымы көбөйгөнүнө байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.   Жайлоо аймагында коомдук тартипти жана укук бузуу катталган эмес.   Ошондой… Кененирээк…

Кыргызстанга мунай ташыган кытайлык айдоочулар убактылуу визасыз кирет

Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети кабыл алды.   Документте визасыз режим өлкө аймагына мунай ташып келген күндөн тартып беш суткадан ашпаган мөөнөткө белгиленген. Эгер айдоочулар бул тартипти бузса Кыргызстан аларга карата тышкы миграция жөнүндөгү мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарды колдонот.   Документ 4-сентябрдан тартып күчүнө кирди.   Өлкөнүн… Кененирээк…

V Элдик курултай ушул жылдын 18-декабрында өтөт

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, ага 700 делегат катышат.   Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо, координациялоо боюнча уюштуруу комитети жана убактылуу жобо бекитилди.   Делегаттар «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык шайланат.   2025-жылы төртүнчү Элдик курултай 25-26-декабрда өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан 700… Кененирээк…

Кыргыз жарандары Казакстанга тиркеме аркылуу кире баштайт

Казакстандын өкмөтү визасыз режим иштеген өлкөлөрдүн жарандарына электрондук уруксат берүү чарасын киргизет.   Чет элдиктер аз убакыттан кийин бул өлкөгө кирүү үчүн QazETA аттуу тиркемеге алдын ала катталып, андан соң гана барышы керек болот.   Тагыраагы, 1-ноябрдан тартып Казакстанга учак менен учуп келгендер, 15-ноябрдан тартып… Кененирээк…

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова кызматынан бошотулду

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Мамлекет башчысы анын ордуна Мелис Мамадалиевди дайындады.   Исмаилова аталган кызматты 2022-жылдан бери жетектеп келген. Ал эми Мамадалиев буга чейин Тышкы иштер министрлигинде бир катар дипломатиялык кызматтарды аркалап келген.

Айыл өкмөттөрүндө жана мэрияларда иштеген айрым кызматкерлердин айлыгы сентябрдан тарта 40-45 миң сомго чейин көбөйүшү мүмкүн

Айыл өкмөттөрүндө жана мэрияларда иштеген айрым кызматкерлердин айлыгы сентябрдан тарта 40-45 миң сомго чейин көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин өкүлү Мыктыбек Өмүрзаков билдирди.   Анын айтымында, буга кызматтык маянага 50 пайызга чейин үстөк кошулуп, андан тышкары,… Кененирээк…