Кыргызстанда калктуу конуштарды жер алдындагы суулардан коргоого 200 миллион сом бөлүнөт

Кыргызстанда калктуу конуштарды жер алдындагы суулардан коргоого 200 миллион сом бөлүнөт.   Бул каражат 22 айылда дренаждык системаларды курууга, оңдоого жана реконструкциялоого жумшалат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө калктуу конуштардын аймагында 788 чакырымдан ашык дренаждык система бар. Анын 325 чакырымга жакыны тазалоого муктаж, дагы… Кененирээк…

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу жана айдоочуларды даярдоо тартибин өзгөртүү сунушталууда

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу жана айдоочуларды даярдоо тартибин өзгөртүү сунушталууда. Президенттин Иш башкармалыгы тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.   Долбоор кабыл алынса, айдоочуларга убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк берүү каралууда. Аны колдонуу мөөнөтү жана айдоочуларга коюлуучу талаптар кийин аныкталат. Автомектептер лицензия алуунун ордуна мамлекеттик реестрге… Кененирээк…

V Элдик курултай 18-декабрда Бишкекте өтөт

V Элдик курултай 18-декабрда Бишкекте өтөт.   Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага 700 делегат катышат. Делегаттарды шайлоону жана иш-чараны өткөрүүнү атайын уюштуруу комитети координациялайт.   Эске салсак, былтыр курултай 25-26-декабрь күндөрү өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан 690 делегат катышкан. Анын ичинен 150… Кененирээк…

Бишкек мэриясы Эмен багындагы реконструкция иштери уланып жатканын билдирди

  Бишкек мэриясы Эмен багындагы реконструкция иштери уланып жатканын билдирди.   Оңдоо иштерин 10-сентябрга чейин аяктоо пландалууда. Жаңы брусчатканын басымдуу бөлүгү төшөлдү, үч тилкеге сугат системасы орнотулду. Учурда газон себүүгө даярдык көрүлүүдө. Оңдоо иштерине бюджеттен 29 миллион сом бөлүнгөн.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки тик учагы нөөмөттө турат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки тик учагы нөөмөттө турат.   Зарыл болгон учурда алар жабыркагандарды жана бейтаптарды медициналык мекемелерге ыкчам жеткире алышат.   Андан тышкары, аймакта өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруучу унаалар иштеп, куткаруучулар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Кырчын… Кененирээк…

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өзгөчө арт-композиция пайда болду

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өзгөчө арт-композиция пайда болду.   Усталар 3 миңге жакын чүкөдөн ак илбирстин сүрөтүн жасашкан. Чүкө көчмөндөрдүн маданиятынын жана улуттук оюндарынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ал эми ак илбирс Кыргызстандын тоолуу жаратылышынын белгилүү символдорунун бири.

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда жаңы мектеп курулду

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда жаңы мектеп курулду. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, мектепте окуу класстары, химия жана физика лабораториялары, эмгекке үйрөтүүчү кабинеттер, ашкана, китепкана жана керектүү жабдуулар менен камсыздалган спорт зал бар.   Аймакта футбол, волейбол жана баскетбол ойной турган аянтчалар да курулган. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке… Кененирээк…

Баткен облусунун Сабыров айылында 700дөн ашуун тургун таза ичүүчү суу менен камсыз болот

Баткен облусунун Сабыров айылында 700дөн ашуун тургун таза ичүүчү суу менен камсыз болот.   Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, айылда жаңы суу түтүк системасы курулууда.   Учурдагы система 38 жыл мурда курулгандыктан, эскирип, улам авария болуп тургандыктан, суу график менен берилүүдө. Жаңы… Кененирээк…

Кыргызстанда күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин аяктоо пландалууда

Кыргызстанда күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин аяктоо пландалууда.   Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл өлкөдө 19,6 миллиард киловатт-саатка жакын электр энергиясы керектелет.   Анын басымдуу бөлүгү өлкө ичинде өндүрүлүп, калганы импорттолот. Жылуулук мезгилине 45,5 миң тонна мазут жана 3 миллион тоннадан ашык… Кененирээк…

Бишкектеги жаңы автобекет ушул айда пайдаланууга берилет

Бишкектеги жаңы автобекет ушул айда пайдаланууга берилет.   Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы билдирди. Учурда курулуш иштеринин 95 пайызы аткарылды. Ички жасалгалоо толук аяктап, эми асфальт төшөө жана аймакты көрктөндүрүү иштери калды. Жаңы автобекетте соода түйүндөрү, аялдамалар жана унаа токтотуучу жайлар каралган.