Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар 11-сентябрда Талас шаарында өтөт

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар 11-сентябрда Талас шаарында өтөт.   Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады. Саамалыкка президент Садыр Жапаров катышат. Майрамдык концертте чет элдик жана жергиликтүү белгилүү аткаруучулар өнөр көрсөтөт. Андан тышкары, майрамдык программада дрондордун шоу-программасы жана фейерверк уюштурулары күтүлүүдө.

Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун дайындоо тартиби өзгөрдү

Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун дайындоо тартиби өзгөрдү.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда,  1-сентябрдан тартып министрлер кабинетинин токтому менен жөлөк пул алууга муктаждыкты аныктоонун жаңы критерийлери киргизилди. Ага ылайык, кепилденген эң… Кененирээк…