Кыргызстан Кытайга жаңы мөмө-жемиштерди — малина, кара бүлдүркөн жана карагатты экспорттоп баштайт

Кыргызстан Кытайга жаңы мөмө-жемиштерди — малина, кара бүлдүркөн жана карагатты экспорттоп баштайт. Бул үчүн эки өлкөнүн ортосунда фитосанитардык протоколго кол коюлду.   Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, буга чейин кыргызстандык мөмөлөр негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана башка салттуу базарларга жөнөтүлүп келген. Эми фермерлер үчүн Кытайдын рыногу… Кененирээк…

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына 37 миңден ашык билет сатылып, 31 миллион 700 миң сом түштү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына 37 миңден ашык билет сатылып, 31 миллион 700 миң сом түштү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.   Кырчындагы маданий жана спорттук иш-чаралар, ошондой эле Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборуна кирүү акысыз болду. Айрым иш-чараларга билеттин… Кененирээк…

Кыргызстанда энергетика тармагын модернизациялоо долбоорунун алкагында 90 комплект өлчөөчү трансформаторлорду жеткирүү аяктады

Кыргызстанда энергетика тармагын модернизациялоо долбоорунун алкагында 90 комплект өлчөөчү трансформаторлорду жеткирүү аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.   Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында алынган жабдуулар электр энергиясын так эсепке алууга жана бөлүштүрүүчү тармактардагы релейлик коргоо жана автоматика системаларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга… Кененирээк…

1-октябрдан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга көбөйөт

1-октябрдан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга көбөйөт. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү токтомго кол койду.   Ага ылайык, 1-октябрдан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,20 өлчөмүндө, бирок 10 миң сомдон көп эмес бекитилди.   Ошондой эле пенсиялардын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен кошумча… Кененирээк…

Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет.   Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоо иштерине байланыштуу 8-сентябрдан тартып Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө кирет. Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.

Бишкектеги Свердлов районундагы №32 мектептин жаңы эки кабаттуу корпусу курулуп бүттү

Бишкектеги Свердлов районундагы №32 мектептин жаңы эки кабаттуу корпусу курулуп бүттү. Имарат 250 окуучуга ылайыкталган жана жаңы окуу жылына даяр. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.   Жаңы корпус быйыл ордо  калаада президенттин тапшырмасы менен курулуп жаткан 20 мектептин бири.

Кыргызстандын жарандарына Казакстанга кирүү үчүн QazETA электрондук уруксатын азырынча алуу талап кылынбайт

Кыргызстандын жарандарына Казакстанга кирүү үчүн QazETA электрондук уруксатын азырынча алуу талап кылынбайт. Система пилоттук режимде иштеп жатат, уруксат милдеттүү эмес жана акы алынбайт.   Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ETAны милдеттүү киргизүү мөөнөтү жана тартиби кийинчерээк жарыяланат.

Балыкчы шаарындагы көл жээгине жакын курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу сунушталууда

Балыкчы шаарындагы көл жээгине жакын курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу сунушталууда.   Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.   Документ Ысык-Көлдүн жээгине жакын аймакта мурда мыйзамдуу түрдө курулуп калган жеке турак үйлөрдүн укуктук макамын тактоого багытталган. Учурдагы мыйзамга ылайык, көл жээгинен 500 метр аралыкта рекреациялык объектилерден тышкары… Кененирээк…

Ош шаарындагы Осмонов көчөсүн реконструкциялоо башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти

Ош шаарындагы Осмонов көчөсүн реконструкциялоо башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, көчөнүн узундугу 5 чакырымдан ашат. Осмонов көчөсү 5-октябрь — Ош шаарынын күнүнө карата пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында 2026-2027-окуу жылы 15-сентябрда башталып, 3-июлда аяктайт

Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында 2026-2027-окуу жылы 15-сентябрда башталып, 3-июлда аяктайт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.   Мындай чечим окуу жылын оптималдуу уюштуруп, окуу жүгүн туура бөлүштүрүү максатында кабыл алынган. Эске салсак, эми кесиптик лицейлердеги окуу жылынын башталышы жана аяктоо мөөнөтүн Агартуу министрлиги аныктайт.