Бүгүн УЕФАнын Чемпиондор лигасынын жаңы сезонунун жалпы этабы башталат

Бүгүн УЕФАнын Чемпиондор лигасынын жаңы сезонунун жалпы этабы башталат. Биринчи оюн күнүндө алты беттеш өтөт. Негизги оюн Мадридде болуп, “Реал” миландык “Интерди” кабыл алат.   Ошондой эле “Манчестер Сити” “Порту” менен, “Боруссия” “ВильярреАл” менен ойнойт. Быйыл жалпы этапта 36 команда катышууда. Ар бир команда сегизден… Кененирээк…

Бишкекте 23–25-сентябрь күндөрү республикалык “Жылдын мугалими” сынагынын финалдык этабы өтөт

Бишкекте 23–25-сентябрь күндөрү республикалык “Жылдын мугалими” сынагынын финалдык этабы өтөт. Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, ага 133 мугалим катышат. Финал үч турдан турат.   Жеңүүчү “Жылдын мугалими” Гран-присине жана батирге ээ болот, ал эми башка номинациялардын мыктылары акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Сыйлык тапшыруу аземи 5-октябрда —… Кененирээк…

Быйыл мектептерде окуу китептеринин ижара акысы көтөрүлбөйт

Быйыл мектептерде окуу китептеринин ижара акысы көтөрүлбөйт.   Бул тууралуу “Окуу китеби” басмаканасынын директору Тологон Аматов 24.kg сайтына билдирди. Анын айтымында, бир китепти ижарага алуу акысы мурдагыдай эле жылына 25 сом бойдон калат. Жаңы окуу китептери ижарага берилсе, эски китептер окуучуларга акысыз берилет. 12 жылдык… Кененирээк…

Чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктар үчүн пенсиялык камсыздандырууга кошулуу жеңилдетилди

Чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктар үчүн пенсиялык камсыздандырууга кошулуу жеңилдетилди.   Эми алар Кыргызстанга келбестен эле “Түндүк” жана “Салык төлөөчүнүн кабинети” аркылуу катталып, ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн банк картасы менен төлөй алышат. Андан тышкары, медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүккө лицензия алуу онлайн-форматка өткөрүлдү.   Ишкерлер арыз берип, документтерди… Кененирээк…

Окуучулардын медициналык маалымкаттары электрондук форматка өткөрүлдү

Окуучулардын медициналык маалымкаттары электрондук форматка өткөрүлдү.   Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, эми ата-энелер балдарынын медициналык документтерин “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу ала алышат.   Жаңы система ден соолук боюнча маалымкаттарды кагаз түрүндө мектепке өткөрүп берүү талабын жоюп, ата-энелердин жана медицина кызматкерлеринин түйшүгүн азайтат.

Жаңы окуу жылына карата 12 жылдык билим берүү системасына өтүү этаптары үчүн базистик окуу пландары бекитилди

Жаңы окуу жылына карата 12 жылдык билим берүү системасына өтүү этаптары үчүн базистик окуу пландары бекитилди.   Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, системанын экинчи этабында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстын окуучулары жаңы окуу программалары жана китептери менен билим алышат. Жаңы окуу жылы    15-сентябрда… Кененирээк…

Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолунун курулушу уланууда

Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолунун курулушу уланууда.   Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти. Күнтуу айылынан Кызыл-Тууга чейинки аралыгында асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Андан тышкары, жолдун айрым бөлүктөрүндө арыктарды орнотуу, жолдун негизги катмарын төшөө иштери уланып жатат. Белгилеп кетсек, Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолунун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт.

Мэр Айбек Жунушалиев ШКУ саммитине даярдыктын алкагында фасаддарды жаңылоого, жолдорду жана инфраструктураны оңдоого кеткен чыгымдарга аудит жүргүзүүнү тапшырды

  Мэр Айбек Жунушалиев ШКУ саммитине даярдыктын алкагында фасаддарды жаңылоого, жолдорду жана инфраструктураны оңдоого кеткен чыгымдарга аудит жүргүзүүнү тапшырды.   Ар бир объект боюнча чыгымдардын негиздүүлүгү, аткарылган иштердин мыйзам талаптарына ылайыктуулугу жана иштин иш жүзүндөгү көлөмү текшерилет. Мыйзам бузуулар аныкталса, материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.

Кыргызстанда алгачкы бал аарычылык лабораториясы ишке кирет

Кыргызстанда балдын сапатын аныктап, эл аралык стандарттарга шайкештигин текшере турган заманбап бал аарычылык лабораториясы ишке кирет. Бул тууралуу К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети билдирди. Лабораториянын түзүлүшү менен жергиликтүү бал өндүрүүчүлөргө продукциясынын сапатын өлкө ичинде аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле университетте бал аарычылыкты өнүктүрүү… Кененирээк…

Жаңы окуу жылында 6-11-класстар айрым учурда ишемби күнү да окушат

2026-2027-окуу жылында 6-11-класстын окуучулары сегиз жолу алтынчы күндөрү да окушат. Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара окуу программаларын толук өздөштүрүү үчүн кабыл алынды.   Кошумча сегиз окуу күнүнүн графигин мектептер өз алдынча түзүп, ата-энелер жана аймактык билим берүү башкармалыктары менен макулдашат. Ал эми 1-5-класстар үчүн… Кененирээк…