Дүйнөдөгү эң узак мөөнөттүү айланма дүйнөлүк круиз Римден башталды

Дүйнөдөгү эң узак мөөнөттүү айланма дүйнөлүк круиз Римден башталды. Лайнер 371 күн жолдо болуп, 62 өлкөнүн 220 портуна токтойт. Каттам Европа, Африка, Азия, Австралия, ошондой эле Аляска, Кариб деңизин жана Түштүк Американы камтыйт.   Белгилеп кетсек, буга чейинки рекорд америкалык компания уюштурган, 274 күнгө созулган… Кененирээк…

Бишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы бала бакча салынды

  Бишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы бала бакча салынды. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объекттин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 233 млн сомду түздү.   Долбоор боюнча бала бакча 280 орунга ылайыкталган. Бала бакчада азык-түлүк сактоочу кампасы менен ашкана, ойноо жана уктоочу, тарбиялык сааттарды өткөрүүчү бөлмөлөр, кабылдама… Кененирээк…

Кыргызстанда балык тоюттарын импорттоого алты айлык чектөө киргизилет

Кыргызстанда балык тоюттарын импорттоого алты айлык чектөө киргизилет.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул чара ата мекендик балык тоюттарын өндүрүүнү колдоо, аквакультура тармагын өнүктүрүү жана ички рыноктун импорттук продукцияга көз карандылыгын азайтуу максатында кабыл алынууда. Учурда өлкөдө балык… Кененирээк…

БШК шайлоо округдары менен тилкелердин чек арасын жаңыртты

  БШК шайлоо округдары менен тилкелердин чек арасын жаңыртты.   Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3 миңден 4 миңге чейин көбөйтүлөт.   Боршайкомдун маалыматына караганда, бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды… Кененирээк…

Ноокен районунда селден жабыркаган беш турак жай ээсине камсыздандыруу төлөмдөрүнүн сертификаттары тапшырылды

Ноокен районунда селден жабыркаган беш турак жай ээсине камсыздандыруу төлөмдөрүнүн сертификаттары тапшырылды.   Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 14-июлда катуу жаандан улам райондо сел жүрүп, 466 турак жайды суу каптаган.   Алардын 41и алдын ала камсыздандырылган. Төрт үй-бүлөгө 1 млн сомдон, дагы бир үй-бүлөгө 600… Кененирээк…

Кыргызстан “Оскар” сыйлыгына режиссёр Бекзат Пирматовдун “Кассандра” тасмасын көрсөттү

Кыргызстан “Оскар” сыйлыгына режиссёр Бекзат Пирматовдун “Кассандра” тасмасын көрсөттү.   Мындай чечимди Улуттук тандоо комитети кабыл алды. Тасма “Эң мыкты эл аралык толук метраждуу фильм” номинациясы үчүн ат салышат.   Кино кыргыз мифологиясынын негизинде жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы мотивдерди камтыйт.

Ошто уруксаты жок же курулуш талаптарын бузуу менен салынган объектилерди бузуу иштери уланууда

Ошто уруксаты жок же курулуш талаптарын бузуу менен салынган объектилерди бузуу иштери уланууда.   Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти. Учурда мыйзамсыз курулуштар Курманжан Датка көчөсүндөгү Увам каналынын коргоо тилкесинде алынууда. Демонтаждан кийин аймак баштапкы абалына келтирилет.

Аламүдүн районундагы Мраморное айылында 275 орундуу жаңы мектеп корпусу курулду

Аламүдүн районундагы Мраморное айылында 275 орундуу жаңы мектеп корпусу курулду.   Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объект республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы наркы 111 млн сомду түздү.   Анда окуу класстары, китепкана, лаборатория жана жыйындар залы каралган. Ошондой эле жайкы машыгуу аянтчасы курулду.

Майлуу-Суудагы лампа заводунун базасында индустриалдык парк түзүлүп, жаңы ишканаларды ачуу жана инвестиция тартуу пландалууда

Майлуу-Суудагы лампа заводунун базасында индустриалдык парк түзүлүп, жаңы ишканаларды ачуу жана инвестиция тартуу пландалууда.   Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, бул максатта 931 миллион сом каралып, анын 600 миллиону бөлүнгөн.   Каражат айнек идиштерин чыгарууну кеңейтүүгө жана светодиоддук лампалардын түрлөрүн көбөйтүүгө жумшалууда. Ошондой эле… Кененирээк…

Кыргызстанда чет элдиктердин жүрүү тартиби күчөтүлдү

        Кыргызстанда чет элдиктердин жүрүү тартиби күчөтүлдү. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, Кыргызстанда жүрүүгө уруксат берилген мөөнөттөн ашып кеткен чет өлкөлүктөргө кайра кирүүгө тыюу салынат.   Андан тышкары, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоонун жаңы тартиби киргизилет.  … Кененирээк…