«Бала ырысы»: Кезектеги төлөм үчүн 285,6 млн сом бөлүндү

«Бала ырысы» жөлөк пулунун кезектеги төлөмүнө 285 млн сомдон ашык акча бөлүндү.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, пособиени 232 миң 229 бала алат.   «Бала ырысы» төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки ар бир балага берилет.   Жөлөк пулдун базалык өлчөмү айына 1… Кененирээк…

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу уланууда

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун Кыргызстандагы бөлүгүндө “Кош-Дөбө Түндүк” №2 тоннелинин курулушунда казуу иштери аяктады. Анын узундугу 210 метрге жакын, эң терең жери 41 метрди түзөт.   Учурда Кыргызстандын аймагындагы темир жол каттамында 27 тоннель, 43 көпүрө жана 20 темир жол станциясы курулуп… Кененирээк…

Бишкекте оор жүк ташуучу унааларга чектөө күчүндө

Бишкекте абанын күндүзгү температурасы 28°C жана андан жогору болгон учурда жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген убактылуу чектөө дагы деле күчүндө.   Муниципалитеттен билдиришкендей, чектөө 1-октябрга чейин күн сайын эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин колдонулат.   Чектөөлөр жол кыймылынын… Кененирээк…

Кара-Суунун Савай-Арык айылында 100 орундуу бала бакча курулду

Кара-Суу районундагы Савай-Арык айылында 100 орундуу жаңы бала бакча курулду.   Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы баасы 60 млн сомдон ашты.   Эки кабаттуу имарат заманбап үлгүдө курулуп, балдар үчүн бардык шарттар каралган.

Таласта эки Rest Point ачылды

Талас шаарында жана «Манас ордо» комплексинде эки жаңы Rest Point ачылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.   Борборлордо туристтер үчүн заманбап инфраструктура түзүлгөн. Тактап айтканда, бул жерде заманбап маалымат борбору, душ бөлмөлөрү, санитардык түйүндөр жана кафе иштейт.   Маалымат борборлорунан аймактагы туристтик… Кененирээк…

Лейлекте 23 км жол асфальтталып, 28 км жаңы жол курулууда

Лейлек районунда быйыл 23 чакырым жолду асфальттоо жана 28 чакырым жаңы жол куруу пландалууда.   Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда 13 чакырым жолго асфальт төшөлүп, жаңы жолдордун айрым тилкелеринде жер иштери жүрүп жатат.   Жол курулуштары республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн Саруу айылында 500 орундуу жаңы мектеп курулду

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында 500 орундуу жаңы мектеп курулду.   Курулуш министрлиги билдиргендей, курулушу 2024-жылдын июль айында башталган объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Долбоордун жалпы наркы 226 млн сомду түздү.   Заманбап талаптарга ылайык курулган мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, компьютердик жана… Кененирээк…

Араван районунда газоблок чыгаруучу завод курулуп жатат

Ош облусунун Араван районунда газоблок чыгаруучу завод курулуп жатат.   Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, долбоордун наркы 1 миллиард сомду түзөт.   Ишкана жылына 300 миң куб метрге чейин продукция өндүрө алат. Чийки заттын 90 пайызга жакыны Кыргызстандын түштүгүндөгү кендерден алынат.   Заводдо 70 жумуш… Кененирээк…

Таласта айрым көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет

Эртең Талас шаарында айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. 11-сентябрда өтө турган Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына байланыштуу Чыңгыз Айтматов, Бердике баатыр, Оторбаев, Огомбаев, Сатаев, Мырзалиев жана Мадиев көчөлөрүнүн айрым тилкелери жабылат.   Жол инспекторлору айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландап, альтернативдүү жолдорду тандоону сунуштады.   Эске… Кененирээк…

Ош шаарында айыл чарба жарманкелери башталды

Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, иш-чара 1-декабрга чейин ар ишемби сайын өткөрүлөт.   Соода түйүндөрү Насирдин Исанов жана Бекмамат Осмонов көчөлөрүндө иштейт.   Жарманкелер жергиликтүү дыйкандарды колдоо, продукцияны түз сатууга шарт түзүү жана шаар тургундарын жаңы азык-түлүк менен камсыздоо максатында уюштурулууда.