Талас облусунда бензин жана дизелдик фракцияны кайра иштетүүчү өнөр жай комплексин куруу пландалууда

Талас облусунда бензин жана дизелдик фракцияны кайра иштетүүчү өнөр жай комплексин куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.   Тиешелүү меморандумга Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Казакстандык компания кол койду. Долбоорго болжол менен 350 миллион доллар инвестиция тартуу каралууда. Комплексте күйүүчү майдан тышкары… Кененирээк…

Талас шаарында “Баластан” балдарды өнүктүрүү жана оюн-зоок борборунун ачылышы өтөт

Талас шаарында жакынкы мүнөттөрдө “Баластан” балдарды өнүктүрүү жана оюн-зоок борборунун ачылышы өтөт. Президент Садыр Жапаровдун түздөн-түз колдоосу менен бой көтөргөн бул масштабдуу долбоор аймактын социалдык-экономикалык турмушуна чоң салым болот. Жалпы аянты 6,5 гектарды ээлеген заманбап комплекс 9 корпустан турат. Долбоор толук кубаттуулукта ишке кирген соң… Кененирээк…

Ноокат районунун Жаңы-Базар айылында 40 орундуу заманбап оорукана курулду

Ноокат районунун Жаңы-Базар айылында 40 орундуу заманбап оорукана курулду.   Объектти курууга мамлекеттик бюджеттен 142 миллион сом жумшалды. Курулуш жана архитектура министрлигинин маалыматына ылайык, үч кабаттуу имарат заманбап талаптарга ылайык салынган. Анда терапия, хирургия жана төрөт бөлүмдөрү каралган.   Андан тышкары, оорукананын жанында өзүнчө поликлиника… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкекте жана Ысык-Көл облусунда жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөгөн стационардык камералар толук кандуу иштеп баштады

Бүгүнтөн тарта Бишкекте жана Ысык-Көл облусунда жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөгөн стационардык камералар толук кандуу иштеп баштады.   Камералар үч тилкеге орнотулду: Бишкекте Юнусалиев — Жантошев көчөлөрүнүн кесилишине, “Биримдик-Кут-3” турак жай массивиндеги Калинин көчөсүнө жана Бишкек — Балыкчы жолунун 157-чакырымына.   Камералар ылдамдыкты жогорулатуу, жол… Кененирээк…

Бүгүн Эгемендүүлүк күнүнө карата негизги майрамдык иш-чаралар өтүп жаткан Талас облусунда коомдук коопсуздукту 3,5 миңден ашык милиция кызматкери камсыз кылууда

Бүгүн Эгемендүүлүк күнүнө карата негизги майрамдык иш-чаралар өтүп жаткан Талас облусунда коомдук коопсуздукту 3,5 миңден ашык милиция кызматкери камсыз кылууда.   Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди. Кызматкерлер башкы сахнанын жанында, аянттарда, сейил бактарда жана гүл бактарда нөөмөттө турушат.   Ошондой эле шаарга… Кененирээк…

Америкалыктар миллиардерлердин дүйнөлүк рейтингиндеги алдыңкы он орунду ээледи

Америкалыктар миллиардерлердин дүйнөлүк рейтингиндеги алдыңкы он орунду ээледи.   Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, биринчи орунда — Илон Маск, анын байлыгы 919 миллиард долларга бааланууда.   Экинчи орунда Google компаниясынын негиздөөчүсү Ларри Пейдж, үчүнчүдө Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос турат. Ондукка ошондой эле Уоррен Баффет кирди.… Кененирээк…

Жети-Өгүз районунун Саруу айылында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Жети-Өгүз районунун Саруу айылында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемесин курууга мамлекеттик бюджеттен 226 миллион сом жумшалды.   Мектепте окуу кабинеттеринен тышкары лаборатория, китепкана, компьютердик класс, эмгек кабинети, ашкана, медициналык кабинет, актовый жана спорттук залдар бар. Мектеп 15-сентябрда окуучуларды кабыл алууга даяр.

Ош мамлекеттик университетинде абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган жаңы станция ишке кирди

  Ош мамлекеттик университетинде абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган жаңы станция ишке кирди.   Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Станция атмосфералык абанын булганышын изилдөө жана баалоо боюнча эл аралык долбоордун алкагында ачылды. Ал Ош шаарындагы абанын сапатына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп, экологиялык маселелер боюнча так маалыматтарды топтоого мүмкүнчүлүк… Кененирээк…

Таласта мамлекеттик туу көтөрүлүп, “Манас ордо” комплекси, “Айтматов ааламы” ачылды

Таласта мамлекеттик туу көтөрүлүп, “Манас ордо” комплекси, “Айтматов ааламы” ачылды. Бүгүн, Талас шаарында Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгы расмий белгиленип жатат.   Шаардын борбордук аянтында мамлекеттик туу көтөрүлүп, расмий салтанатка президент Садыр Жапаров катышты.  Ушул эле күнү президент Талас облусунда бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун… Кененирээк…

Кыргызстанда бүгүн онлайн форматта бир убакта 105 социалдык объект ачылды

Кыргызстанда бүгүн онлайн форматта бир убакта 105 социалдык объект ачылды. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, алардын ичинде 34 мектеп жана 28 бала бакча бар.   Ошондой эле 12 спорттук жай, 9 саламаттыкты сактоо мекемеси жана 9 маданият объектиси пайдаланууга берилди. Андан тышкары, башка багыттагы 13 объект… Кененирээк…