Жалал-Абад облусунун Сузак районунда №59 мектеп ачылды
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, мектеп Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча пайдаланууга берилген 105 социалдык объекттин катарына кирди. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Эки кабаттуу окуу корпусунда окуучулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.









