Садыр Жапаров расмий сапар менен Түштүк Кореяга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда расмий сапар менен Корея Республикасына барды. Сеул шаарынын аэропортунан мамлекет башчысын Кореянын климат, энергетика жана экология биринчи вице-министри Ким Хан Сын жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Кореянын мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем төшөлүп, ардак кароол… Кененирээк…

Жашы жете электерди антикинотеатрларга киргизүүгө тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда жашы жете элек балдардын түнкүсүн жалгыз-жарымдап антикафе жана антикинотеатрларга барышына тыюу салуу сунушталды.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги даярдап, коомдук талкууга чыгарган мыйзам долбоорунда өспүрүмдөр мындай жайларга көп бара турганы айтылган.   Мекеме алардын көбү күндүр-түндүр иштеп, ичинен кулпуланган “купуя бөлмөлөрү” бар… Кененирээк…

Бишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте Гоголь көчөсүндө оңдоо иштерине байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.   Муниципалитеттен билдиришкендей, 17-сентябрдан тартып талган көчөнүн Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.   Оңдоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлөт. Айдоочуларга жана шаар тургундарына каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүккө жараша альтернативдүү жолдорду тандоо сунушталат.

Садыр Жапаров президенттик кызматта туруп шайлоого катыша алат

Президенттик шайлоо маалында мамлекет башчы Садыр Жапаров кызматта туруп талапкер катары ат салышуусуна мыйзам жол берет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров «Азаттыкка» билдирди.   Анын айтымында, мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты менен президент саясий өнөктүк учурунда кызматын тапшырууга милдеттүү эмес.   Боршайком… Кененирээк…

БШК элди шайлоого мажбурлап катыштырууга каршы

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышпаган жарандарга чара көрүүгө каршы. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Тынчтык Шайназаров билдирди.   Анын айтымында, мурдагы чакырылыштын депутаттары шайлоого катышпаганы үчүн шайлоочуларга карата санкциялар жөнүндө мыйзам долбоорун сунушташкан.   «Айрым өлкөлөрдө мындай практика бар. Бирок БШК буга каршы», — деди… Кененирээк…

Нарын шаарында жол чырактар орнотулууда

Мэриядан билдиришкендей, жол чырактар шаардын борбордук Ленин көчөсүнө коюлуп, жол чийиндери чийилүүдө.   Мындан тышкары, мектеп, бала бакчалардын жанындагы жөө өтмөктөр жаңыртылып, негизги кесилиштерге, жөө өтмөктөргө түнкүсүн күйгөн эскертүүчү белгилер орнотулду.

Манас шаарында «Акылман» президенттик лицейи ачылды

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында «Акылман» президенттик лицейи ачылды. Өкмөттөн билдиришкендей, жаңы билим уясы 410 окуучуга ылайыкталган.   Учурда үч этаптуу сынактан өткөн 144 окуучу 7-8-класстарга кабыл алынды.   Лицейде 35 заманбап класс, профилдик лабораториялар, спорт залы, бассейн, актовый зал жана спорт аянтчасы бар.   «Акылман»… Кененирээк…

Жаңы окуу жылына карата 81 мектеп пайдаланууга берилди

Жаңы окуу жылына карата жалпы республика боюнча 81 мектептин курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, анын ичинен 40 объект жаңы курулуп, 41 билим берүү мекемесинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.   Жыл… Кененирээк…

“Көңүл бургула, балдар!” аттуу рейд башталды

Кыргызстанда окуу жылынын башталышы менен “Көңүл бургула, балдар!” аттуу рейд башталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери өлкө боюнча мектептердин жанында нөөмөттө туруп, айдоочулардын ылдамдык режимин сактоосун көзөмөлдөп жатышат.   Өзгөчө ылдамдыкты чектеген белгилер орнотулган жана эреже бузуу көп катталган аймактарга көңүл бурулууда.  … Кененирээк…

ЖКККБ кызматкерлери айына үч жолу мектеп окуучуларына сабак өтөт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери айына үч жолу мектеп окуучуларына жол кыймылынын эрежелери боюнча сабак өтүшөт. Сабактар өлкө боюнча бардык мектептерде уюштурулат.   Башкармалыктын маалыматына караганда, балдарга жолду туура кесип өтүү, велосипедди коопсуз колдонуу, аялдамаларда жана жолдун жээгинде өзүн туура алып жүрүү эрежелери… Кененирээк…