Кажы-Сайдагы уран өндүрүшүнөн калган имараттар зыянсыздандырылат
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылындагы уран өндүрүшүнөн калган имараттарды, шахта жана радиоактивдүү күлдүн калдыгын рекультивациялоого даярдык жүрүүдө. Бул маселе Россиянын мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрү менен талкууланууда.









