Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте 18-сентябрда саат 20:00дөн тарта Ауэзов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Сагымбай Манасчы көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, жол подрядчы уюмдун кепилдик милдеттенмелеринин алкагында жолдун үстүңкү катмарын алмаштыруу иштерине байланыштуу. «Подрядчы уюм аталган тилкедеги жолдун үстүңкү… Кененирээк…

Бишкектин үч конушунда суу болбойт

Кийинки жумада Бишкектин үч конушунда суу болбойт.   Муниципалитеттен билдиришкендей, 22-сентябрда эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин Достоевский, Анкара жана Ауэзов көчөлөрү, темир жолдун жээгиндеги аймак, Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштарында суу өчүрүлөт.   Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.

Ошто Абдыкадыров көчөсү кеңейтилүүдө

Ош шаарында Р.Абдыкадыров көчөсүн кеңейтүү иштери жүрүп жатат.   Мэриянын маалыматына ылайык, аталган көчө Б.Осмонов көчөсүнө чыгат.   Кеңейтүү иштерине байланыштуу жолдун долбооруна кирген жеке менчик үйлөр буздурулууда. Ага ылайык, турак жай ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, мыйзамга ылайык тиешелүү компенсациялар толук төлөнүп берилет.

“Социалдык келишим”: Жөлөк пул алгандар азаюуда

“Социалдык келишим” долбооруна катышкан үй-бүлөлөр 57 миңге жакын кошумча жумуш ордун түзүүгө жетишти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, долбоор башталган 2022-жылы жөлөк пул алуучу үй-бүлөлөрдүн саны 105 миңди түзсө, бүгүнкү күндө 40 миң 800гө кыскарды.   “Социалдык келишим”… Кененирээк…

Баткенде эл аралык «Өрүкзар» фестивалы өтүүдө

Баткен облусунун Раззаков жана Сүлүктү шаарларында эл аралык «Өрүкзар» фестивалы башталды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.   Үч күнгө созула турган маданий-туристтик иш-чарага Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Россиядан акын-жазуучулар, адабият сүйүүчүлөрү келишти.   Саамалык быйыл 36-жолу өткөрүлүүдө.

Президенттик шайлоону дайындоо сунушу ЖК комитетине түштү

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине президенттик шайлоону дайындоо боюнча сунуш түштү.   Маселе комитеттин 22-сентябрдагы отурумунда каралып, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баяндама жасайт. Тармактык комитет сунушту карап, чечим кабыл алгандан кийин токтом долбоору… Кененирээк…

Бишкекте футбол фестивалы өтөт

Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, иш-чара 26-сентябрда Кыргызстан менен Азербайжандын “Достук” паркында уюштурулат.   Анда күйөрмандар футболчулар Эржан Токотаев жана Эрбол Атабаев менен жолугуп, кол тамга ала алышат.   Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына шоу-программа тартууланат. Мындан тышкары, байгелер жана билеттер ойнотулат.

Бишкектин жолдорунда унаа тыгыны көбөйүшү мүмкүн

Бүгүн кечинде Бишкектин жолдорунда унаа тыгыны көбөйүшү мүмкүн. “Бишкек Арена” стадионунда өтө турган масштабдуу концертке байланыштуу шаар тургундары сапарларын алдын ала пландап алышы керек.   Мэрия көрүүчүлөрдү аталган стадионго жеткирүү үчүн 250 шаттл-автобус бөлдү. Алар азыр саат 3төн кечки 6га чейин ордо калаанын беш жеринен… Кененирээк…

Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандыктарга пенсиялык топтомдор төлөнүүдө

Түштүк Кореяда расмий иштеген Кыргызстандын жарандарына пенсиялык топтомдор дайындалып, төлөнүп берилүүдө.   Социалдык фонддун маалыматына караганда, акчасын алуу үчүн 151 адам кайрылган. Алардын 126сына төлөмдөр берилди, дагы 25 арыз ээсинин документтери каралууда.   Төлөмдүн орточо суммасы ар бирине 3 миң 789 долларды түздү.

Окуу китептерин басып чыгарууга кошумча 7 млрд сом бөлүндү

Президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.   Ал каражат маселеси чечилгенин, эми бул тармакка жооптуу жетекчилер аз убакыттын ичинде жыйынтык көрсөтүшү керектигин, эгер мамлекеттик… Кененирээк…