Учурда Бишкекте таштанды сорттоочу 25 пункт иштеп жатат
Учурда Бишкекте таштанды сорттоочу 25 пункт иштеп жатат. Жыл соңуна чейин алардын санын 40ка жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Белгилеп кетсек, бүгүн мэр шаардын 4-кичи районундагы таштанды сорттоочу пунктка барып, анын иши менен таанышты.









