Кыргызстандан барган асыл тукум кочкор рекорддук баага — 1 миллион долларга сатылды

Кыргызстандан барган асыл тукум кочкор рекорддук баага — 1 миллион долларга сатылды.   Ал адистештирилген фестивалда сатылып, жаныбар элиталык Франкель аттуу кочкордун тукумунан экени айтылды.   Белгилеп кетсек, “Арашан” тукуму 2021-жылы гиссар жана кыргыздын кылчык жүндүү койлорун аргындаштыруу жолу менен чыгарылган.

Бишкекте №32 мектептин 250 орундуу жаңы окуу имараты курулуп бүттү

Бишкекте №32 мектептин 250 орундуу жаңы окуу имараты курулуп бүттү. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.   Мектепте заманбап окуу класстары, компьютердик класс, ийримдер үчүн бөлмөлөр жана ашкана каралган.

Ош шаарында жаңы филармония куруу пландалууда

Ош шаарында жаңы филармония куруу пландалууда.   Бул тууралуу Маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, учурда түштүк калаадагы филармониянын имараты талаптарга жооп бербейт.   Шаар мэриясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп, жаңы имарат куруу үчүн жер тилкеси изделүүдө.

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Чар — Ак-Муз жолунун 15 чакырымдык бөлүгүндө оңдоо иштери аяктады

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Чар — Ак-Муз жолунун 15 чакырымдык бөлүгүндө оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.   Трасса Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолун Ак-Муз айылы менен байланыштырат. Жаңыланган тилке район борбору жана башка калктуу конуштар менен транспорттук байланышты… Кененирээк…

Ысык-Көл облусундагы республикалык кесиптик туристтик “Ак-Суу” лицейинде алгачкы окуу жылы башталды

Ысык-Көл облусундагы республикалык кесиптик туристтик “Ак-Суу” лицейинде алгачкы окуу жылы башталды.   Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Лицей Кыргызстандын туристтик тармагы үчүн адистерди даярдоочу негизги борборлордун бири болуп, өлкөдөгү кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга салым кошору күтүлүүдө.

Мунай ташуучуларга импорттолгон күйүүчү майдын иш жүзүндөгү баасы менен белгиленген чекене баанын ортосундагы айырма компенсацияланат

Мунай ташуучуларга импорттолгон күйүүчү майдын иш жүзүндөгү баасы менен белгиленген чекене баанын ортосундагы айырма компенсацияланат.   Экономика министрлигинин маалыматына караганда, бул максатта 950 миллион сомдон ашык бөлүндү.   Компенсация берүү механизми 31-декабрга чейин узартылды. Чекене баанын жогорку чеги АИ-92 бензини үчүн литрине 87 сом 90… Кененирээк…

Кыргызстанда студенттерди башка аймактарга барып окууга кызыктыра турган жаңы мамлекеттик программа даярдалды

Кыргызстанда студенттерди башка аймактарга барып окууга кызыктыра турган жаңы мамлекеттик программа даярдалды.   Ага катышкан студенттерге ай сайын 2 миң 500 сом стипендия берилип, үйүнө барып-келүүсү үчүн жылына 18 миң сомго ички авиабилеттер сатып берилет.   Программа боюнча бюджеттик орундардын 40 пайызы аймактар аралык окууга… Кененирээк…

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун курулушу акыркы баскычка жетти

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун курулушу акыркы баскычка жетти. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жалпы узундугу 141 чакырымды түзгөн жолдун асфальт төшөө иштери 95 пайызга аткарылды.   Жолдун курулушу бюджеттик каражаттын эсебинен жүргүзүлүүдө. Реконструкция аяктагандан кийин II категориядагы төрт тилкелүү, ортосу барьердик тосмо… Кененирээк…

Өлкө мектептерине 1 миллиондон ашык окуу китептери жеткирилет

Өлкө мектептерине 1 миллиондон ашык окуу китептери жеткирилет.   Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, быйыл окуу куралдарын чыгарууга казынадан 744 миллион сом, ал эми Агартуу министрлигинин эсебинен кошумча 16,2 миллион сом бөлүнгөн. Жалпы каржылоого 3 миллион 668 миң 600 даана окуу материалын чыгаруу пландалып, анын 2… Кененирээк…