Нарын облустук бириккен ооруканасынын аймагында кабыл алуу бөлүмү жана тез жардам станциясынын курулушу башталды

Нарын облустук бириккен ооруканасынын аймагында кабыл алуу бөлүмү жана тез жардам станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.   Жаңы имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, бейтаптарды кабыл алуу үчүн керектүү шарттар түзүлөт. Долбоор демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашырылууда.

Ордо калаанын айрым аймактарында газ жок болот

Ордо калаанын айрым аймактарында газ жок болот. “Бишкекгаз” газ түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу бүгүнтөн тарта 25-сентябрга чейин айрым аймактарда жаратылыш газын убактылуу өчүрөт.   Газ берүү Суворов, Осмонкул, Древесная көчөлөрү, Аламүдүн дарыясы, БЧК жана Абдыкадыров көчөсү менен чектелген аймакта токтотулат.

Кыргызстан Кытай менен мунай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү пландоодо

Кыргызстан Кытай менен мунай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү пландоодо.   Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун Кытайдагы иш сапарында талкууланды.   Ал кытай компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүп, Кыргызстанда мунай иштетүүчү завод куруу, кендерди чалгындоо жана иштетүү, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда мунай… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш кыймылсыз мүлккө каттоо жүргүзүүгө өз алдынча тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңеш кыймылсыз мүлккө каттоо жүргүзүүгө өз алдынча тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.   Бул чара турак жайга байланышкан алдамчылыктын алдын алууга багытталган. Жаран өзүнүн үйүн же башка кыймылсыз мүлкүн каттоого убактылуу өз алдынча тыюу кое алат.   Механизм насыя… Кененирээк…

Ордо калаадагы Калыс-Ордо жаңы конушундагы №86 мектепке жаңы окуу корпусу курулду

Ордо калаадагы Калыс-Ордо жаңы конушундагы №86 мектепке жаңы окуу корпусу курулду. Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, имарат 560 окуучуга ылайыкталган.   Жаңы корпуста окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, медициналык пункт, эмгекке үйрөтүү кабинеттеринен тышкары актовый жана спорт залдары каралган. Курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн.

Таластагы борбордук стадион 18-октябрда ачылат. 5 миң 110 көрүүчүгө ылайыкталган стадиондо курулуш иштери аяктоодо

Таластагы борбордук стадион 18-октябрда ачылат. 5 миң 110 көрүүчүгө ылайыкталган стадиондо курулуш иштери аяктоодо.   Негизги аянтка табигый газон төшөлүп, анын айланасына чуркоо жолдору жасалды.   Аймакта кичи-футбол аянтчалары, воркаут зонасы жана фудкорт да бар. Трибуналардын астында спортчулар үчүн бөлмөлөр, жатакана, ашкана, конференц-зал жана фитнес-зал… Кененирээк…

Кыргызстанда салык төлөөчүлөрдүн суроолоруна эми AiSalyk аттуу жасалма интеллект негизиндеги консультант жооп берет

Кыргызстанда салык төлөөчүлөрдүн суроолоруна эми AiSalyk аттуу жасалма интеллект негизиндеги консультант жооп берет. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, санариптик жардамчы күнү-түнү иштейт жана эки режимде кызмат көрсөтөт.   Колдонуучу Салык кызматынын сайтындагы башкы беттен суроо берип, жалпы маалымат ала алат.   Ал эми жеке кабинетте… Кененирээк…

Кыргызстанда жеке маалыматтарды таратканы үчүн айып пул киргизилет

Кыргызстанда жеке маалыматтарды таратканы үчүн айып пул киргизилет. Жогорку Кеңеш Укук бузуулар жөнүндө кодекске тиешелүү өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда жактырды.   Жарандардын паспорттук маалыматтарын, телефон номерлерин, даректерин же башка жеке маалыматтарын уруксатсыз ачыкка чыгарган адамдар жоопкерчиликке тартылат.   Биринчи жолу мыйзам бузгандарга жарандар үчүн 2 миң… Кененирээк…

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Кытайга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Кытай Эл Республикасынын Ханчжоу шаарына барды. Сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, ошондой эле бир катар компаниялардын жана уюмдардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Бүткүл дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнө… Кененирээк…

Президенттикке талапкер болууну каалагандар “Түндүк” аркылуу кол чогултат

Кыргызстанда президенттикке талапкер болууну каалагандар “Түндүк” аркылуу кол чогултат.   Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен жобого ылайык, кол топтоо “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу, “Түндүк” мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын жардамы менен жүргүзүлөт.   “Түндүктөн” шайлоочунун тек-жайы электрондук түрдө ырасталып, ал кайсы бир талапкерди колдой… Кененирээк…