Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль утту

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Азия оюндарында 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө күмүш медаль утту. Петрашов финалда аралыкты 2 мүнөт 8 секундда сүзүп, экинчи орунду ээледи.   Быйылкы Азия оюндарына Кыргызстандан спорттун 30 түрү боюнча 168 спортчу катышууда. Мелдештер 4-октябрга чейин уланат.

Өлкө боюнча 660 мектепте “коркунуч баскычы” орнотулду

Өлкө боюнча 660 мектепте “коркунуч баскычы” орнотулду.   Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматы билдирди. Атайын баскыч окуучулар арасында массалык мушташ же башка кооптуу жагдай жаралган учурда милиция кызматкерлерин тез чакырууга мүмкүндүк берет. Учурда аны бардык мектептерге орнотуу иштери жүрүп жатат.   Андан… Кененирээк…

Кыргызстанда Geely автоунааларын чыгарган завод ачылышы мүмкүн

Кыргызстанда Geely автоунааларын чыгарган завод ачылышы мүмкүн.   Бул маселе министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Кытайдагы иш сапары учурунда аталган компаниянын жетекчилиги менен жолугушууда талкууланды.   Өкмөттүн маалыматына караганда, тараптар Кыргызстанда биргелешкен ишкана ачуу жана автоунааларды тейлөө инфраструктурасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн карашты. Демилгени изилдөө үчүн биргелешкен… Кененирээк…

Бишкектин Ак-Ордо конушунда 750 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу аяктады

Бишкектин Ак-Ордо конушунда 750 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси Теңир-Тоо көчөсүндө жайгашып, республикалык бюджеттин эсебинен курулган.   Анда заманбап класстар, лабораториялар, китепкана, ашкана, акты жана спорт залдары бар. Ошондой эле волейбол жана баскетбол аянтчалары курулган. Учурда мектепти пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү… Кененирээк…

БШК добуш берүү күнү өзгөчө шартта турган жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча жаңы жобону бекитти

БШК добуш берүү күнү өзгөчө шартта турган жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча жаңы жобону бекитти.   Ага ылайык, шайлоо комиссиялары мындай жарандардын маалыматтарын тактап, аларга тиешелүү маалыматтарды берип, шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл чараларды көрөт. Тиешелүү мекемелер жылына эки жолу мындай жарандардын саны… Кененирээк…

Баткен шаарында энергияны үнөмдөө максатында күн батареялары менен иштеген 120 көчө чырагы орнотулду

Баткен шаарында энергияны үнөмдөө максатында күн батареялары менен иштеген 120 көчө чырагы орнотулду.   Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Жаңы чырактар Насирдин Исанов, Раззаков жана Салихов көчөлөрүндө иштеп жатат.   Долбоор ийгиликтүү ишке ашса, мындай чырактар шаардагы башка аймактарга да орнотулат. Мэриянын маалыматына караганда, жаңы… Кененирээк…

Кыргызстанда жасалма интеллект жана спутниктен алынган маалыматтардын жардамы менен жүгөрү жана күн карама өстүрүлө баштады

Кыргызстанда жасалма интеллект жана спутниктен алынган маалыматтардын жардамы менен жүгөрү жана күн карама өстүрүлө баштады. Айыл чарба министрлиги билдиргендей, пилоттук долбоор Тоңдун Ак-Сай айылында ишке ашууда.   Жасалма акыл жергиликтүү шартка ылайык түшүмү мол боло турган сортторду тандоого жардам берген. Натыйжада түшүм көбөйгөн. Эми тажрыйбаны… Кененирээк…

“Түндүк” тиркемесинде эми жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн камералар тарабынан катталган айыптарга онлайн түрдө даттанууга болот

“Түндүк” тиркемесинде эми жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн камералар тарабынан катталган айыптарга онлайн түрдө даттанууга болот. Бул тууралуу тиркемени иштеп чыккан компания билдирди.   Буга чейин айдоочулар тиркеме аркылуу айып пулдарын гана көрүп, төлөй алышчу. Эми расмий арыз берүү үчүн атайын баскыч пайда болду.  … Кененирээк…

Кыргызстан Кытай менен күйүүчү май жеткирүү боюнча келишим түзүп, Россиядан көз карандылыкты азайтуу үчүн чек арага мунай сактоочу кампаларды курууну пландап жатат

Кыргызстан Кытай менен күйүүчү май жеткирүү боюнча келишим түзүп, Россиядан көз карандылыкты азайтуу үчүн чек арага мунай сактоочу кампаларды курууну пландап жатат.   Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, күйүүчү май сатып алуудан тышкары, тараптар Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга да макулдашты.   Алардын арасында жаңы мунай… Кененирээк…

Кыргызстанда добуш берүүгө барбагандардын ошол күнкү маянасы төлөнбөйт

Кыргызстанда добуш берүүгө барбагандардын ошол күнкү маянасы төлөнбөйт. Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун күнүн белгиледи — шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.   Парламент төрагасы Марлен Маматалиевдин айтымында, шайлоо күнүн иш күнүнө коюу жарандардын добуш берүүгө активдүү катышуусун камсыздоо максатында чечилген. Ал күнү жумушчуларга эмгек акы толук төлөнөт,… Кененирээк…