Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү 13-ноябрга чейин уланат

Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү 13-ноябрга чейин уланат.   Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров  билдирди. Анын айтымында, азырынча президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөндөр каттала элек.   Шайлоо алдындагы үгүт иштери шайлоого 35 күн калганда, тактап айтканда, 23-декабрдан тарта башталат”, -деди Шайназаров.

Кызыл-Кыя шаарында заманбап транспорттук-соода логистикалык комплексинин курулушу башталды

Кызыл-Кыя шаарында заманбап транспорттук-соода логистикалык комплексинин курулушу башталды. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, инвестициянын көлөмү болжол менен 3 млрд сомду түзөт.   Долбоордун алкагында заманбап кампалар, соода аянттары, транспорт каражаттарын токтотуучу жана тейлөө жайлары, товарларды кабыл алуу, сактоо жана бөлүштүрүү үчүн логистикалык инфраструктура түзүлүп, 3… Кененирээк…

Бишкекте 1 миң 50 ипотекалык батир пайдаланууга берилди

Бишкекте 1 миң 50 ипотекалык батир пайдаланууга берилди.   “Асман Резиденс-1” турак жай комплексинин батирлери күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилүүдө.   Комплекс 11 блоктон турат жана 1 миң 50 батирди камтыйт.… Кененирээк…

Айрым азыктар организмдин эрте картаюусун тездетиши мүмкүн

Айрым азыктар организмдин эрте картаюусун тездетиши мүмкүн.   Диетологдордун айтымында, негизги факторлордун бири — кантты ашыкча колдонуу. Ал торт, печенье, таттууларда жана газдалган суусундуктарда көп кездешет.   Ошондой эле фастфуддагы транс майларды жана бекон, колбаса, ветчина сыяктуу кайра иштетилген эт азыктарын чектөө сунушталат. Алкоголдук ичимдиктер… Кененирээк…

Оштун Тээке айылында 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Оштун Тээке айылында 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди.   Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, эки кабаттуу мектепке чейинки билим берүү мекемесинде бардык шарттар каралган. Оюн залдары, ийримдер бөлмөлөрү жана ашканасы бар.

Садыр Жапаров 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоону эркин жана ачык өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоону эркин жана ачык өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча жарлыкка кол койду.   Документке ылайык, мугалимдерди, окуучуларды, студенттерди, дарыгерлерди, социалдык кызматкерлерди жана башка мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин кызматкерлерин талапкерлердин пайдасына үгүт иштерине тартууга тыюу салынат.   Министрлер кабинетине кызматтык абалынан пайдаланып,… Кененирээк…

Өлкөдө жаратылыш газы үчүн карызы бар абоненттерге газ берүү 30-сентябрдан тартып токтотулат

Өлкөдө жаратылыш газы үчүн карызы бар абоненттерге газ берүү 30-сентябрдан тартып токтотулат.   Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясы билдирди. Ишкана керектөөчүлөрдү карыздарын көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин төлөп, суук түшкөнгө чейин газсыз калбоого чакырды. Карызды “Мой газ”, “Менин үйүм” мобилдик тиркемелери жана электрондук капчыктар аркылуу төлөөгө болот.

Бишкек — Балыкчы жүргүнчү поезди ушул эс алуу күндөрү —  26 — 27-сентябрда акыркы каттамдарды аткарат

Бишкек — Балыкчы жүргүнчү поезди ушул эс алуу күндөрү —  26 — 27-сентябрда акыркы каттамдарды аткарат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдирди.   Мындай чечим жүргүнчүлөрдүн кайрылууларын эске алуу менен кабыл алынган. Поезд мурда белгиленген график боюнча жөнөйт. Жол жүрүү убактысы жана билеттин… Кененирээк…

Бишкектен жаңы түз авиакаттамдар ачылат

Бишкектен жаңы түз авиакаттамдар ачылат.   Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынан билдиришти.  17-ноябрдан тарта Бишкек — Пхукет — Бишкек багыты боюнча түз каттамдар башталат.   Учактар жумасына эки жолу учат. Андан тышкары, декабрдын башынан тарта Бишкек — Санья — Бишкек багыты боюнча чартердик каттамдар ишке… Кененирээк…

Ош — Кара-Суу жолун капиталдык оңдоо иштерин ноябрда аяктоо пландалууда

    Ош — Кара-Суу жолун капиталдык оңдоо иштерин ноябрда аяктоо пландалууда.   Учурда тилкеде 100дөн ашык атайын техника иштеп жатат. Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, жаңыланып жаткан жолдун жалпы узундугу дээрлик 19 чакырымды түзөт.   Долбоордун баасы 2,5 миллиард сом. Бул жол аймак үчүн стратегиялык… Кененирээк…