Кыргызстанда Миграция маселелери боюнча жаңы департамент түзүлөт

Президент Садыр Жапаров «Миграция чөйрөсүндөгү айрым функцияларды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Миграция чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун бирдиктүү системасын түзүү, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүүсүн, жүрүүсүн, жашоосун, эмгек ишин, каттоону жана эсепке алууну жөнгө салууну өркүндөтүү,… Кененирээк…

Манаста мектептин 500 окуучуга ылайыкталган жаңы корпусу курулууда

Манас шаарындагы №13 мектепте 500 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу 90 пайызга аяктады. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, үч кабаттуу имаратта окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн зарыл болгон шарттар каралган.   Курулуш иштери ушул жылы башталган объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.   Белгилеп кетсек, учурда Бишкек, Ош… Кененирээк…

Баткендин Чек айылында тез жардам бөлүмү ишке кирди

Баткен районунун Чек айылында тез жардам бөлүмү пайдаланууга берилди.   Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, буга чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору катары колдонулган имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, тез жардам кызматы үчүн ылайыкташтырылды.   Жаңы бөлүм 5 миңден ашык тургунга кызмат көрсөтөт. Анда фельдшерлер үчүн иш бөлмөсү, бейтаптар… Кененирээк…

Бишкектин Калыс-Ордо конушунда суу өчөт

Бишкектин Калыс-Ордо конушунда 1-октябрда суу өчөт.   Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган конушта суу эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин жок болот. Мунун себеби оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу.   Шаар тургундары менен мекеме-уюмдар ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы керек.

Бишкектеги таштанды заводунун кубаттуулугу 3 миң тоннага чейин көбөйтүлөт

Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводдун кубаттуулугун 3 миң тоннага чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.   Учурда күнүнө 1 миң 200 тонна таштанды кайра иштетилип жатат.   Азыркы тапта заводдун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча жумуштар жүрүүдө. Анын… Кененирээк…

Англияда ишке орноштурууну убада кылган шылуундардан этият болуу сунушталат

Кыргызстандыктарга Улуу Британияда жумушка орноштурууну убада кылган шылуун схемалардан сак болуу сунушталат.   Эмгек министрлиги билдиргендей, шылуундар чыныгы компаниялардын аталыштарын, жасалма сайттарды, электрондук каттарды жана расмий документтерге окшош кагаздарды колдонушууда.   Учурда Улуу Британияда жумушка каттоо ачылганы тууралуу жалган маалыматтар тарап жатат.   Алдамчылар өздөрүн… Кененирээк…

Токтогул шаарына 100 жаңы таштанды челек орнотулууда

Токтогул шаарында тазалыкты камсыз кылуу жана аймакты көрктөндүрүү максатында 100 жаңы таштанды челек орнотулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Иштер Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен 5 млн 700 миң сомдук долбоордун алкагында жүргүзүлүүдө.

Балыкчыда сапатсыз жасалган жолдор кайра оңдолууда

Балыкчы шаарындагы Кулакунов, Тоголок Молдо жана Абдрахманов көчөлөрүндөгү жолдорду реконструкциялоодо бир катар кемчиликтер аныкталып, учурда алар кайра оңдолууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.   Текшерүүдө асфальт-бетон жабуусунун жука жана сапатсыз төшөлгөнү, тротуарларда, суу өткөрүүчү курулмаларда жана суу агызуучу лотоктордо кемчиликтер болгон. Анын алкагында жалпы 105… Кененирээк…

Россиядагы маркетплейстерде товарга талап катаалдашат

1-октябрдан тартып россиялык маркетплейстер товарды жайгаштыруунун алдында аны мамлекеттик реестр аркылуу текшере баштайт.   Жаңы талап импорттук товарларга да, анын ичинде ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө чыгарылган товарларга да тийиштүү болот.   Бул эреже «Россия Федерациясында платформалык экономиканы жөнгө салуунун айрым маселелери жөнүндө» федералдык мыйзамда камтылган.

Бишкекте Искусство университетинин жаңы имараты ачылды

Бишкек шаарында Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусу ачылды.   Искусство университетине жаңы заманбап окуу корпусун курууга президенттик фонддон 990 миллион сом бөлүнгөн. Жаңы имараттын жалпы аянты 8 миң 615 чарчы метрди түзөт.   1967-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институту… Кененирээк…