Бишкектеги боёк цехинде чыккан өрттү өчүрүү аракети көрүлүүдө

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ч.Валиханов көчөсүндө жайгашкан боёк (малярдык) цехтен өрт чыкты.   Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, тилсиз жоону жоюуга саат 16:50дө жалпы алты бөлүм, автошаты жана штаб тартылган.   Өрттүн эмнеден чыкканы жана жабыркагандар бар-жогу азырынча айтыла элек. Социалдык тармактарда өрт «Аю гранд» соода… Кененирээк…

Кыргызстанда тигүү өнөр жайын бирдиктүү салыктан бошотуу сунушталды

Кыргызстанда быйылкы жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин тигүү жана текстиль өндүрүшү менен алектенген ишкерлерди, ошондой эле маркетплейстер аркылуу соода кылган сатуучуларды бирдиктүү салык төлөөдөн жана ал боюнча отчет тапшыруудан бошотуу сунушталды.   Салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Экономика жана коммерция министрлиги демилгеледи.   Мыйзам долбоорунда баалуу кагаздардан… Кененирээк…

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси өтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 23-24-25-октябрь күндөрү Т.Усубалиев атындагы эски аянтта уюштурулат.   «АгроТехЭкспо – 2026» жана «Алтын күз» көргөзмө-жарманкеси эртең мененки саат 10дон кечки 5ке чейин болот. Анда айыл чарба продукциялары социалдык баада сатылып, асыл тукум мал,… Кененирээк…

Бишкекте үй-тиричилик товарларын чыгарган жаңы өндүрүш ишке кирди

Президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, анда үй-тиричилик товарлары жана тиричилик техникалары чыгарылат. Анын алкагында болжол менен 200 жаңы жумуш орду түзүлөт.   Өндүрүштү кеңейтүү жана продукциянын көлөмүн көбөйтүү менен бирге анын бир бөлүгүн «Кыргызстанда өндүрүлгөн» деген маркировка менен тышкы рынокторго экспорттоо пландалууда.

Республика боюнча 42 жаңы оорукана имараты курулат

Республика боюнча 42 оорукана үчүн жаңы имараттар курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.   Бирок курулуш иштери качан башталып, канча каражат сарпталары такталган жок.

Бишкек – Балыкчы поезди 3-4-октябрда кошумча каттамга чыгат

Бишкек – Балыкчы багытындагы жүргүнчү поездди 3-4-октябрь күндөрү кошумча каттамга чыгат.   «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, поезддин жүрүү убактысы жана жол кире акысы өзгөргөн жок. Каттам мурдагы белгиленген графикке ылайык жүргүзүлөт.   Мындай чечим коомчулуктун жана жүргүнчүлөрдүн суроо талабын эске алуу менен кабыл… Кененирээк…

Арзан эт саткан дагы 30 соода түйүнүн ачуу пландалууда

Жыл аягына чейин өлкөдө арзан эт саткан дагы 30 соода түйүнүн ачуу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.   Учурда министрликке караштуу 10 сатуу пункту иштеп жатат. Белгиленгендей, алардын иши эттин баасын туруктуу кармоого жакшы таасир этип,… Кененирээк…

Октябрдын башында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын айрым аймактарында 1-октябрдан тартып катуу жаан жаап, сел жүрүү коркунучу жаралышы мүмкүн.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бийик тоолуу райондордо кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.   Министрлик жарандарды аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу сактык… Кененирээк…

Бишкекте жуманын аягына чейин абанын температурасы нормадан 2 градуска жогору болгон жылуу аба ырайы сакталат

Бишкекте жуманын аягына чейин абанын температурасы нормадан 2 градуска жогору болгон жылуу аба ырайы сакталат.   Синоптиктердин маалыматына караганда, абанын нымдуулугу өзгөчө эртең менен жана кечинде 60 пайыздын тегерегинде болот.   Бул абаны сергек кылганы менен, салкындыкты күчөтүшү мүмкүн. Күндүз абанын температурасы 21–26 градус, түнкүсүн… Кененирээк…

Тогуз-Торо районунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу көчүрүлө турган тургундар үчүн 2 гектар жер бөлүндү

Министрлер кабинети Тогуз-Торо районунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу көчүрүлө турган тургундар үчүн 2 гектар жер бөлдү.   Жер айыл чарба багытындагы категориядан калктуу конуштардын жерлеринин категориясына өткөрүлөт.   Участоктор Каргалык айыл аймагында жайгашкан. Бул жерлер темир жолдун курулушуна байланыштуу үйлөрү… Кененирээк…