Ошто мыкты мугалимдерге 200 миң сомдон сыйлык тапшырылды

Ошто мыкты мугалимдерге 200 миң сомдон сыйлык тапшырылды.   Мэр Жанарбек Акаев “Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагында 1-орунду алган Ашимжан Кебеков менен Айжан Гафарованы куттуктап, акчалай сыйлыктын сертификаттарын ыйгарды.

Бишкекте Чүй проспектисинин Курманжан Датка — Лермонтов тилкеси ачылды

Бишкекте Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери аяктап, жол толугу менен ачылды.   Мэриядан билдиришкендей,  тилкеде ирригациялык система калыбына келтирилип, жолдун үстүңкү катмары жаңыланды. Бордюрлар алмаштырылып, жаңы жол чийиндери түшүрүлдү.

Баткен шаарындагы Чет-Булак аймактык башкармалыгында кургап калган дарыянын нугу аркылуу жаңы көпүрө курулууда

Баткен шаарындагы Чет-Булак аймактык башкармалыгында кургап калган дарыянын нугу аркылуу жаңы көпүрө курулууда. Мэриянын маалыматына караганда, көпүрөнүн узундугу 18 метр, туурасы 12 метр болот.   Эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар каралган. Учурда курулуш иштери график боюнча жүрүп жатат. Көпүрө пайдаланууга берилгенден кийин транспорттук байланышты… Кененирээк…

Илон Маск кайрадан триллионерлердин катарына кирди

Илон Маск кайрадан триллионерлердин катарына кирди. Tesla жана SpaceX компанияларынын акцияларынын өсүшүнүн эсебинен анын капиталы бир күндө 61 миллиард долларга көбөйдү.   Буга ракетанын ийгиликтүү учурулушу да кошумча фактор болду. Эми Маск Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безосту артта калтырды. Безос 371,5 миллиард доллар капиталы менен… Кененирээк…

Бишкекте Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө төрт түнгө кыймылга чектөө киргизилет

Бишкекте Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө төрт түнгө кыймылга чектөө киргизилет. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматына караганда, чектөө 8-9-10- жана 11-октябрда кечки саат 9дан таңкы 6га чейин болот.   Бул темир жол өтмөгүндөгү тосмо жабдуусун алмаштыруу иштерине байланыштуу. Жолдун бир тарабы убактылуу жабылып, иштер аяктаган… Кененирээк…

Кыргызстанда турак жайды суткалап ижарага берүүнүн баасына көзөмөл күчөтүлүп, жылдын аягына чейин атайын электрондук реестр түзүү пландалууда

Кыргызстанда турак жайды суткалап ижарага берүүнүн баасына көзөмөл күчөтүлүп, жылдын аягына чейин атайын электрондук реестр түзүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.   Аталган реестр Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтар базасы менен бириктирилет. Негизги максат — турак жайды ижарага берүүдөгү көмүскө рынокту ачыкка чыгаруу болуп саналат.

Бишкекте кайрадан күн жылыйт

Бишкекте кайрадан күн жылыйт. Синоптиктердин маалыматына караганда, күндүз да, түнкүсүн да абанын температурасы күн сайын акырындап жогорулайт.   Бүгүн шаарда күн бүркөө болуп, аба 12–13 градуска чейин жылыса, эртең күн ачылып, дем алыш күндөрү абанын температурасы плюс 20 градуска чейин жетет. Түнкүсүн 10 градуска жакын… Кененирээк…

Нарында төрт капчыгайда селден коргоочу курулуштар салынып башталды

Нарында төрт капчыгайда селден коргоочу курулуштар салынып башталды.   Мэриянын маалыматына караганда, иштер Жетиген, Чоң-Чыргайлуу, Атакан жана Суу-Сактагыч тилкелеринде жүргүзүлүүдө.   Бул жерлерге таш менен толтурулган тор тосмолор орнотулуп, сел агымдарын тосот. Курулуштар турак үйлөрдү, жолдорду жана шаардык инфраструктураны коргоого, ошондой эле шаардын климаттык тобокелдиктерге… Кененирээк…

Бүгүн өлкө боюнча 17 мектеп жана үч бала бакча бир учурда ачылды

Бүгүн өлкө боюнча 17 мектеп жана үч бала бакча бир учурда ачылды. Салтанатка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын өкмөт билдирди.   10 мектеп Бишкекте ачылса, калгандары Манас, Ош шаарларында жана Ноокен, Тоң, Алай, Айтматов райондорунда жайгашкан.

Кыргызстанда электр энергиясын эсепке алуу жана бөлүштүрүүчү тармактарды коргоо системасы жаңыланат

Кыргызстанда электр энергиясын эсепке алуу жана бөлүштүрүүчү тармактарды коргоо системасы жаңыланат. Бул үчүн өлкөгө өлчөөчү трансформаторлордун 90 комплекти жеткирилди.   Жабдуулар ушул айдын аягына чейин өлкө боюнча “Улуттук электр тармактарынын” филиалдарына орнотулат.   Алар электр энергиясын так эсептөөгө жана тармактарды бузулуулардан жана авариялардан коргоочу системалардын… Кененирээк…