Англиянын “эң кооз айылы” деп аталган Бибери айылынын тургундары туристтерден улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болууда

Англиянын “эң кооз айылы” деп аталган жана “Бриджит Жонстун күндөлүгү” тасмасы тартылган Бибери айылынын тургундары туристтерден улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болууда.   Дем алыш күндөрү айылга 20 миңге чейин турист келет. Айрымдары үйлөрдүн эшигин каккылап, терезелерден үңүлүп, тосмолордон ашып, жеке үйлөрдүн жанында селфи тартышат.… Кененирээк…

Нарында облустук Чек ара башкармалыгынын жаңы аскер шаарчасы курулууда

Нарында облустук Чек ара башкармалыгынын жаңы аскер шаарчасы курулууда.   Объект 13 гектар жерге жайгашып, анда штаб, казарма, кароол кызматынын имараттары, окуу классы жана башка жайлар болот.   Андан тышкары, 60 орундуу бала бакча, балдар аянтчасы, спорттук шаарча, футбол талаасы жана конок үйү курулат. Курулуш… Кененирээк…

Ордо калаанын төрт районунда V Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча тургундардын жыйындары өтөт

Ордо калаанын төрт районунда V Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча тургундардын жыйындары өтөт.   Мэриянын маалыматына караганда,  500 өкүлдүн ичинен 72 делегат тандалат.   Эске салсак, курултай 18-декабрда Бишкекте өтөт. Ага 700 адам катышат.

Кыргызстанда кант кызылчасын жыйноо уланууда

Кыргызстанда кант кызылчасын жыйноо уланууда. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, быйыл кызылча 11,8 миң гектар жерге айдалып, анын 4 миң гектардан ашыгы жыйналды.   Айдоо аянты дээрлик 12 пайызга кыскарганына карабастан, түшүм былтыркыдан жогору болушу күтүлүүдө. Буга ыңгайлуу аба ырайы жана агротехникалык иштердин өз убагында… Кененирээк…

Кыргызстанда жер тилкесине берилген мурдагы “Кызыл китептин” ордуна эми QR-коду бар кадастрдык план берилүүдө

Кыргызстанда жер тилкесине берилген мурдагы “Кызыл китептин” ордуна эми QR-коду бар кадастрдык план берилүүдө. Анда жер тилкесинин аянты, менчик түрү, жердин категориясы жана башка негизги маалыматтар көрсөтүлөт.   Жер агенттигинен билдиришкендей, 2025-жылы жаңы Жер кодекси кабыл алынгандан кийин “Кызыл китеп” колдонулбай калган.   Ошол эле… Кененирээк…

Норвегия дүйнөдө биринчи болуп коомдук жайларда “акылдуу көз айнектерди”  колдонууга тыюу салышы мүмкүн

Норвегия дүйнөдө биринчи болуп коомдук жайларда “акылдуу көз айнектерди”  колдонууга тыюу салышы мүмкүн.   Чектөө сейил бактарга, пляждарга, музейлерге, соода борборлоруна, мектептерге, ооруканаларга жана массалык иш-чаралар өтүүчү жайларга киргизилиши мүмкүн. Бийлик бул демилгени адамдарды алардын макулдугу жок жашыруун видеого тартуу коркунучу менен түшүндүрүүдө.

10-октябрда Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

10-октябрда Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга байланыштуу Бишкектин Ала-Тоо аянтынын аймагындагы айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.   Чектөө Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын, Панфилов, Пушкина, Абдумомунов, Фрунзе, Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн айрым кесилиштеринде болот. Айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландап, альтернативдүү жолдор… Кененирээк…

Ош – Манас унаа жолун төрт тилкеге чейин кеңейтип, реконструкциялоо пландалууда

Ош – Манас унаа жолун төрт тилкеге чейин кеңейтип, реконструкциялоо пландалууда.   Долбоор жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууну жана өлкөнүн түндүгү менен түштүгүнүн ортосундагы транспорттук байланышты жакшыртууну да камтыйт.   Транспорт министрлигинде долбоорду даярдоо маселеси Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен талкууланды. Учурда техникалык-экономикалык негиздеме жана долбоордук-сметалык… Кененирээк…

Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканада жаңы терапия бөлүмү ачылды

Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканада жаңы терапия бөлүмү ачылды.   Төрт кабаттуу корпустун жалпы аянты 1 миң 530 чарчы метрди түзөт, долбоорго 80 миллион сом жумшалган. Бөлүм заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалып, бейтаптарды текшерүү, дарылоо жана медициналык көзөмөл жүргүзүүгө шарт түзүлдү. Имаратта лаборатория, УДИ жана… Кененирээк…

Кыргызстандан Европага түз авиакаттамдар ушул жылдын аягына чейин ачылышы мүмкүн

Кыргызстандан Европага түз авиакаттамдар ушул жылдын аягына чейин ачылышы мүмкүн.   Учурда европалык авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын жетекчиси Манасбек Самидинов билдирди.   Анын айтымында, Кыргызстан Евробиримдиктин авиациялык “кара тизмесинен” чыгарылгандан кийин Европага учууга чектөө калган жок. Ал эми ата… Кененирээк…