Баткенде эки бала бакча пайдаланууга берилди

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объектилердин бирине 18 млн сом жумшалса, экинчисине 11 млн сомдон ашык акча сарпталды.   Бала бакчалардын ачылышы мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана тарбиялануучулардын санын көбөйтүүгө багытталган.

Сары-Жаз дарыясында эки жаңы көпүрө ноябрда пайдаланууга берилет

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сары-Жаз дарыясында эки жаңы көпүрө ноябрда пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   Мындан тышкары, аталган дарыянын кооптуулук жараткан үч тилкесинде жээк бекемдөө жумушу жүрүүдө. Дарыянын бекемделип жаткан нугунун жалпы узундугу 930 метрди түзөт.

БШК үгүт жүргүзүү үчүн 81 ЖМКны каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн 81 жалпыга маалымдоо каражатын аккредитациядан өткөрдү.   Боршайкомдун маалыматына ылайык, алардын 19у басылма, 22си телерадио уюм, 13ү радио жана 27си интернет-басылма.   Аккредитациядан өткөн ЖМКлар талапкерлердин үгүт иштерин мыйзам талаптарына ылайык, так… Кененирээк…

Шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча Коомдук борбор уюштурулат

Кыргызстанда шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча Коомдук борбор уюштурулат. Анын иштөө тартибин Борбордук шайлоо комиссиясы бекитти.   Борбор добуш берүү күнү иштеп, шайлоо тилкелеринен түз эфирдеги видеокөрсөтүүлөргө мүмкүнчүлүк берет. Добуш берүүнүн жүрүшүнө жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар адамдар байкоо жүргүзө алышат.   Борборго… Кененирээк…

Евробиримдик Кыргызстанга 6 млн евро бөлдү

Кыргызстан билим берүү тармагындагы реформаларда жетишкен натыйжалары үчүн Евробиримдиктен 6 миллион евро алды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.   Каржылык колдоо “Билим берүү тармагын реформалоо боюнча келишим” программасынын алкагында берилди. Каражат алдын ала эмес, белгиленген шарттар аткарылып, тиешелүү көрсөткүчтөргө жеткенден кийин бөлүндү.   Программа мектептик… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда жер титиреди

Бүгүн саат 10:10до Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Ат-Ойнок кырка тоосунда, Алмалуу айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Көл шаарынан 28 чакырым түндүк-батышта жана Токтогул районунан 42 чакырым түштүк-батышта жайгашты. Жер титирөөнүн күчү Ит-Сай, Алмалуу… Кененирээк…

Суу ресурстары кызматына жаңы директор дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп Бактыбек Анаркулов дайындалды. Ал 1965-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айылында туулган. 1987-1991-жылдары К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде «гидротехник-инженер» адистиги боюнча билим алган. Ал эми… Кененирээк…

Баткен облусундагы Зардалы айылына Кан-Тунук-Суу аркылуу баруучу жолдун 6,5 чакырым тилкеси асфальтталды

Баткен облусундагы Зардалы айылына Кан-Тунук-Суу аркылуу баруучу жолдун 6,5 чакырым тилкеси асфальтталды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, иштерди №2 Жол эксплуатациялоо мекемеси толук аяктады.   Натыйжада алыскы тоолуу айылдын тургундары үчүн каттам шарттары жакшырат. Жолдун сапаты министрликтин көзөмөлүндө болот.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Катар-Жаңгак айылында 225 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп курулду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Катар-Жаңгак айылында 225 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп курулду. Курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, ага 149 миллион сом жумшалды.   Эки кабаттуу имаратта окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, компьютердик класс, ашкана жана спорт залы бар. Курулуш 2025-жылдын январында башталган. Учурда мектеп пайдаланууга… Кененирээк…

Кыргызстанда “Социалдык келишим” программасынын алкагында жумушсуз жарандарды расмий жумушка алган ишкерлерге 150 миң сомдон кайтарымсыз жардам берилет

Кыргызстанда “Социалдык келишим” программасынын алкагында жумушсуз жарандарды расмий жумушка алган ишкерлерге 150 миң сомдон кайтарымсыз жардам берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.   Ар бир ишкер беш адамга чейин жумушка орноштура алат. Бөлүнгөн каражатка ишкердикти өнүктүрүү үчүн жабдууларды жана техникаларды сатып… Кененирээк…