23-августтан тарта Бишкек — Ташкент багыты боюнча түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы билдирди. Учактар жумасына эки жолу — бейшемби жана жекшемби күндөрү каттайт.
Андан тышкары, Өзбекстандын Самарканд жана Үргөнч шаарларына дагы эки каттам ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда.



